ААР Ишке ашыруу этаптары


Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы  № 435 Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын” алкагында жүргүзүлүп жатат.

Административдик-аймактык реформанын жүргүзүүнүн тартиби, убактысы, жооптуу аткаруучулары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин             2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планында” белгиленген.

Иш-чаралар Планынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын денгээлинде пилоттук негизде административдик-аймактык реформа жүргүзүү бекитилген. 

Аталган Жарлыкты турмушка ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 414 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 185 токтому менен 2023-2024-жылдарга иш-аракеттеринин Планы бекитилген. 

Бул иш аракеттер Планы Түп районунда жүргүзүлүп жаткан айыл аймактарынын деңгээлиндеги административдик-аймактык реформага тиешелүү болгон бардык маселелерди камтыган, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган, мамлекеттик органдардын макулдугу жана катышуусу менен иштелип чыккан комплекстүү иш-чара болуп эсептелет. Иш-аракеттеринин Планы 37 пункттан турган милдеттерди жана 105 иш чараларды камтыйт. 

Иш чаралар кабыл алынган күндөн тартып мамлекеттик органдар, анын ичинде Экономика министрлиги, Түп районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы, өз алдынча башкаруу органдары белгиленген иш-чараларды этап этабы менен ишке ашыруунун үстүндө иштеп келүүдө.

Бүгүнкү күндө, Түп районунун айыл аймактарында ирилештирүү иштери аягына чыгып, 13 айыл аймактын ордуна 5 айыл аймагы түзүлүп, жаңы түзүлгөн айыл аймактары толук кандуу иштерин алып барууда:

- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу, Ак-Булуң, Ак-Булак жана Сары-Булак айыл аймактарын бириктирип, Балбай айылын административдик борбор деп аныктоо менен Балбай айылдык аймагын;

- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Чоң-Таш жана Санташ айыл аймактарын бириктирип, Талды-Суу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Каркыра айыл аймагын;

- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Карасаев жана Арал айыл аймактарын бириктирип, Миң-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Карасаев айыл аймагын;

- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ысык-Көл, Тогуз-Булак жана Михайловка айыл аймактарын бириктирип, Михайловка айылын административдик борбор деп аныктоо менен Ысык-Көл айылдык аймагын;

- азыркы чек араларын өзгөртүүсүз калтыруу менен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл аймагын.

 Ал эми, иш аракеттер Планынын милдеттери жана иш чаралары белгиленген тартипте аткарылып жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, иш чараларды аткарууга тартылган ар бир мамлекеттик орган, өз алдынча башкаруу органдары өз милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле кылып, иш чараларды өз убагында аткаруу аракеттери жүрүп жатат. 

Ал эми Кыргыз Республикасындагы административдик аймактык реформанын кийинки кадамы болуп Нарын облусунда жүргүзүлүп жаткан пилоттук негиздеги айыл аймактарынын деңгээлиндеги административдик-аймактык реформа эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын                        3-апрелиндеги № 85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгы менен облустун карамагындагы 63 айыл аймактарынын ордуна 27 айыл аймагы түзүлүп, бүгүнкү күндө, уюштуруу иштери аягына чыгып, жаңы уюшулган айыл аймактары толук кандуу иштерин алып барууда.

Ошондой эле, Нарын облусунун аймагында айыл аймактарын ирилештирүү менен бирге, жайыт комитеттеринин, суу колдонуучулар ассосиациясынын жана ичүүчү суу колдонуучулар коомдук бирикмесинин иштерин кайрадан карап чыгып, башкаруу системасын толугу менен өзгөртүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган жарлык менен Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын аткаруу органдарына тиешелүү финансылык камсыздоо менен бирге төмөнкү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү каралган:

  • мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана тескөө;
  • ички чарбалык ирригациялык системаларды эксплуатациялоо, күтүү жана келишимдик шарттарда сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга сууну бөлүштүрүү;
  • ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү жана жайыт жерлерин натыйжалуу башкаруу үчүн муниципалдык ишканаларды түзүү.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу