"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" декларацияны толтуруунун тартиби

"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылуучу адамдар кызматка шайланганда, дайындалганда же бекитилгенде, же ыйгарым укуктарынын көлөмү башкача болгон кызмат ордуна которулган учурда өздүк (жеке) кызыкчылыктары жөнүндө декларацияны толтуруунун
 ТАРТИБИ

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү жайылтылган адамдар кызмат орунга шайланган, дайындалган, бекитилген же ыйгарым укуктардын белек көлөмү бар башка кызмат ордуна которулган учурда өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны толтуруунун эрежесин аныктайт.

2. "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 24-беренелерине ылайык бул Тартиптин күчү төмөнкү адамдарга (мындан ары - декларанттар) жайылтылат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга;

2) иши мамлекеттен же жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын жетекчилерине, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучуларга;

3) мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын статусуна ээ болбогон, бирок мамлекеттик органдарда иштеген адамдарга.

Мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын статусуна ээ болбогон, бирок мамлекеттик органдарда иштеген адамдар деп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери же ордунда жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчыны же муниципалдык кызматчыны убактылуу алмаштырган адамдар түшүнүлөт.

3. Декларация иштеген жери боюнча, жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берилет.

4. Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленгенден башка учурларда, декларацияда камтылган маалыматтар ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар иштеген мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын расмий сайтына жайгаштырылат.

5. Иши улуттук коопсуздукту камсыздоого байланыштуу болгон мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын декларациялары ачыкка чыгарылбайт.

2. Декларацияны толтуруунун мөөнөтү

6. Декларация ушул Тартиптин 2-пунктунда белгиленген адам кызматка киришкен (ыйгарым укуктары башталган) күндөн тартып он беш иш күндүн ичинде, ошондой эле ыйгарым укуктардын башка көлөмү бар кызмат орунга которулган учурда да ушундай эле мөөнөттө берилет.

7. Декларанттар маалыматтары өзгөргөндө жазуу жүзүндө арыз берүү жолу менен декларацияга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

3. Декларацияларды чогултуу үчүн жооптуу адамдар

8. Ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар иштеген мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда персоналды башкаруу кызматынын кызматчыларынын ичинен декларацияларды чогултуу үчүн жооптуу адамдар дайындалат.

9. Декларацияларды чогултуу үчүн жооптуу адамдар төмөнкүдөй милдеттерди аткарышат:

1) арыз ээсинин талабы боюнча декларациялардын бланктарын беришет;

2) декларацияларды кабыл алышат жана катташат;

3) декларацияны алган күнү декларантка декларация алынганы жөнүндө тил кат беришет;

4) маалыматтар өзгөргөн учурда, декларанттар бере турган жаңы маалыматтар бар экендиги жөнүндө арыздарды кабыл алышат жана катташат;

5) декларацияны туура толтуруу жана өз убагында берүү боюнча консультацияларды беришет;

6) декларанттын өтүнүчү боюнча кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамды колдонуу боюнча консультацияларды беришет.

10. Декларация декларанттын өздүк ишине тиркелет.

4. Декларацияны толтуруунун тартиби

11. Декларант декларацияны ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык толтуруп, анда төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

1) акы төлөнүүчү кызматтык иши;

2) коммерциялык эмес уюмдардагы же саясий партиялардагы уюштуруучунун же жетектөөчү, администрациялык, ревизиялык же контролдоочу органдардагы мүчөнүн абалы;

3) чарбакер субъекттин, финансылык-кредиттик мекеменин пайчысынын же акционеринин абалы;

4) эл аралык уюмдар менен мамилеси;

5) мамлекеттик кызмат системасындагы таламдардын кагылышынын белгилүү фактылары.

12. Декларацияларды чогултуу үчүн жооптуу адамдар ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форманы толтурушат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу