Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги борбордук аппаратынын жана Аймактар аралык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматтын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Вакансии
22-Сентябрь 2022-ж.

Квалификациялык талаптар:

1) администрациялык кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

- экономика, техникалык илимдер, математика, маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билим;

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.

2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

- экономика, техникалык илимдер, эл аралык мамилелер, математика, маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билим;

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

–экономика, журналистика, техникалык илимдер, эл аралык мамилелер, математика, маалыматтык технологиялар боюнча жогорку билим;

- иш стажына талаптар коюлбайт;


Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар


Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:


жалпы мыйзамдарды билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;

3) Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;

4) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө », «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  2. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  3. компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.


предметтик мыйзамдарды билүү:

          1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                           28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                               15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо.



Билгичтиги:

- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- презентацияларды уюштуруу;

- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.


Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:


жалпы мыйзамдарды билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  2. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  3. компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.


предметтик мыйзамдарды билүү:

1) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                           28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                               15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо;


Билгичтиги:

- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- презентацияларды уюштуруу;

- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.


Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:


жалпы мыйзамдарды билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

4) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

5) компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.


предметтик мыйзамдарды билүү:

1) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                           28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                               15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо;

4) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

5) компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.


Билгичтиги:

- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү.

- издөө системаларын колдонуу.

- презентацияларды уюштуруу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.


Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага тиркеп тапшыруу керек:

- өзүнүн арызы форма боюнча жүктөө арыз.pdf;

- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- резюме сүрөтү менен форма боюнча жүктөө.pdf;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин  көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.


Толук маалымат Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтынын http://mineconom.gov.kg Бош кызмат орундары бөлүмүнө жайгаштырылды.


Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 3-октябры болуп саналат.


Сынакка катышуу үчүн документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чүй проспекти, 106, 221-б. (Персонал менен иштөө бөлүмү), сурап билүү тел: 620535 (кошумча ном. 187, 205, 248, 355).


ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.


Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чейрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу