Министрлик Евразия экономикалык бирлигинин расмий сайтына төмөнкү дарек боюнча https://regulation.eaeunion.org/pd/2973/ “Газ түрүндөгү отун менен иштөөчү аппараттардын коопсуздугу жөнүндө” ББ ТР (ББ ТР 016/2011) өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорунун жайгаштырылгандыгын маалымдайт.
ББ ТР (ББ ТР 016/2011) өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуунун максаты газ пайдалануучу жабдууларда, күйбөгөн газдын топтолушун болтурбоону камсыз кылуучу түзүлүштүн милдеттүү түрдө болушун белгилөө болуп саналат.