Муну менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө кабарлайт.
1. Сунушталган жөнгө салуу чечүүгө багытталган көйгөйлөрдү баяндоо (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):
“Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин чек арасында автомобилдик өткөрүү пункттары аркылуу өтүү күнүн жана убактысын резервдөө башкармалыгын уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы №500 «Кызыл-Кыя автожолу» өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү башкарууну уюштуруу боюнча пилоттук долбоор жүргүзүү жөнүндө» токтомунун мамлекеттик чек арадан өтүү күнүн жана убактысын туруктуу негизде резервдөө тартибин караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүүнү караган 4-пунктуна ылайык иштелип чыкты.
Аталган токтом менен “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пункту аркылуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүү күнүн жана убактысын резервдөөнү башкарууну уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун убактылуу тартиби бекитилди.
Убактылуу тартип “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пунктунда (мындан ары – электрондук кезек системасы) мамлекеттик чек арадан өтүү күнүн жана убактысын резервдөөнү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун субъекттерин жана шарттарын аныктады.
Мында “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пунктунда пилотту өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан бул тартип туруктуу статуска ээ боло тургандыгын белгилей кетүү керек.
Жол тыгынынан улам чек арадан өтүү көйгөйлөрү жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн чоң кыйынчылык болуп саналат. Узун кезектер убакытты текке кетирүүгө, эксплуатациялык чыгымдардын көбөйүшүнө, күйүүчү майдын ашыкча чыгымдалышына жана ташуулардын жалпы эффективдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келет. Транспорттун тыгында туруп калуусу жеткирүү мөөнөтүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн, бул логистикалык чынжырларга жана бизнес мамилелерине терс таасирин тийгизет. Кошумча ашыкча жүктөлгөн өткөрүү пункттары айдоочулар үчүн стресстик жагдай түзүп, алардын иштөө шарттарын начарлатып, жол кырсыктарынын коркунучун жогорулатат.
Белгилей кетсек, Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) сурамжылоосунда бардык респонденттердин 75% дан ашыгы чек арадагы өткөрүү пункттарындагы узун кезектерди жана кечигүүлөрдү соодага тоскоол болгон фактор катары аташкан. Жогорудагы системаны ишке ашыруу бул тоскоолдуктарды жоюуга жардам берет.
Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын баяндоо:
Сунушталган токтом долбоорунун башкы максаттарынын бири электрондук кезек системасын киргизүү болуп саналат, бул чек ара аркылуу өткөрүү пункттарына жакын жердеги автомобиль жолдорун жеңилдетүүгө жана жүк ташуучу автотранспортту тартипке келтирүүгө алып келет.
Виртуалдык кезекти башкаруу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жүк ташуучу унааны, товарды жана айдоочуну алдын ала каттоо үчүн электрондук платформаны киргизүү;
2) электрондук платформанын иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзүү;
3) милдеттүү этап катары алдын ала каттоону киргизүү максатында чек арадан өтүүнүн расмий жол-жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү.
3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдаларын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болсо, тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):
Чек арада автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек күтүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет, анткени айдоочулар узак убакытка токтоп калуудан алыс болуп, өтүү убактысын алдын-ала брондой алышат. Бул жол кыймылын уюштурат жана чек ара пункттарында башаламан тыгындарды азайтат. Мындан тышкары, система тыгындарды кыскартуу жана унаа жолдорундагы коопсуздукту жогорулатуу менен инфраструктурага оорчулукту азайтат. Процессти автоматташтыруу транспорт агымын контролдоону жакшыртат жана маалыматтарды иштетүүнү тездетет, бул чек арадан өтүүнү эффективдүү кылат. Ошондой эле, бул ташуучуларга чыгымдарды азайтууга жардам берет, анткени күтүү убактысынын аздыгы күйүүчү майга чыгымды жана транспорттун топтоп туруусун азайтат.
Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча өткөрүү пунктуна жакын жерде жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуу фактылары аларды электрондук кезек системасына каттоонун, атайын бөлүнгөн аянттарга жайгаштыруунун жана белгиленген системанын кезегине ылайык өткөрүү пункту аркылуу өтүүнүн аркасында жоюлду.
Мында, өткөрүү пунктунан өтүү процесси жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары үчүн өтүү убактысын пландаштыруу бөлүгүндө ачык-айкын жана болжолдуу болуп калды жана өткөрүү пунктуна кирүүдө өз кезегине туруктуу мониторинг жүргүзүү менен түздөн-түз күтүүнүн зарылдыгы жок.
Ошентип, чек арадан өтүү процессин оптималдаштыруу үчүн электрондук кезек системасын киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү зарыл.
4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):
Токтомдун долбоору кабыл алынгандан кийин жагымсыз кесепеттер күтүлбөйт.
5. Сунушталган жөнгө салуунун адресаттары - ишкердик субъекттеринин мүнөздөмөсү жана санын баалоо:
Болжолдуу түрдө, долбоор жүк ташуучу автотранспорт менен алектенген ишкерлердин белгилүү бир чөйрөсүнө таасирин тийгизиши мүмкүн.
6. Сунушталган жөнгө салуунун аны киргизүү менен байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча пайдасын жана чыгымдарын болжолдуу баалоо:
Электрондук кезекти киргизүү жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына чоң артыкчылыктарды алып келет. Баарынан маанилүүсү, система чек арадан өтүүнү алдын ала пландаштырууга мүмкүндүк берет, күтүү убактысын кыскартат жана узун кезек күтүүнүн зарылдыгын жокко чыгарат. Бул күйүүчү майдын чыгымдарын азайтууга, унаанын эскиришин азайтууга жана эксплуатациялык чыгымдарды азайтууга алып келет. Мындан тышкары, электрондук кезек чек арадан өтүү процессинин ачыктыгын жана болжолдуулугун камсыздайт, бул стрессти азайтып, күтүлбөгөн кечигүүлөр коркунучун жокко чыгарат. Айдоочулардын иштөө шарттары жакшырат, анткени алар кирүүнүн так убактысын алдын ала биле алышат жана бул жол графигин жана эс алууну натыйжалуу пландаштырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле күтүү убактысын кыскартуу күтүү зоналарынын инфраструктурасына жүктү азайтат жана чек ара пункттарында жалпы коопсуздукту жакшыртат.
Мында электрондук брондоо кызматын пайдалангандыгы үчүн акы төлөө электрондук кезек системасынын пайдалануучусу тарабынан акча каражаттарын накталай эмес ыкма менен электрондук кезек системасынын жана күтүү зонасынын операторунун алыш-бериш эсебине Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында төгүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:
Бул долбоорду кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:
1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:
- аталган маселелер туура, жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;
- бул максатка жетүү үчүн маанилүү, негиздүү болобу;
- көйгөйлөрдү чечүүнүн сунушталган ыкмасы (жөнгө салуу) эң артыкчылыктуубу;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайдалар жана артыкчылыктар болушу мүмкүн;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер болушу мүмкүн;
- көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу альтернативдүү жолдору барбы;
- сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикир.
Суроолордун тизмеси кеңейтилиши мүмкүн.
2. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалыматтар:
_________________________________________________________________
(текстти баяндоо үчүн жер)
Байланыш жана билдирүүдөгү маалыматты талкуулоо үчүн мөөнөт:
1. Сунуштар кабыл алынат: | |
- электрондук почта боюнча | |
- почта дарегине | 720040, Бишкек ш., Абдумомунов көчөсү, 207 (Бажы саясаты башкармалыгы) |
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү | 2025-жылдын 25-апрели (09:59) |
3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү | 2025-жылдын 26-апрели (09:59) |