Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги “Сүттүн сатып алуу баалары жөнүндө” токтомунун долбооруна ЖСТТ иштеп чыгуу жөнүндө КАБАРЛОО

Объявления
31-Июль 2024-ж.


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө кабарлайт. 

1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):


Сүттүн баасынын өзгөрүшү сезондук мүнөзгө ээ. Жазында сүт заводдорунун сатып алуу баасынын төмөндөшү салттуу болуп калган. Жаз-жай мезгилинде сүт көбүрөөк өндүрүлөт (анын ичинде жашыл тоюттун пайда болушунун эсебинен), кышында азыраак, тескерисинче керектөө, кышында көп, жайында аз. Ошондуктан, чийки сүт сатып алуу баасы дайыма жазында-жайында түшөт, күзүндө-кышында көтөрүлөт. 

Заводдордун сатып алуу баасынын деңгээлине берилип жаткан сүттүн сапаты, майлуулугу, тыгыздыгы, заводдогу чийки заттын көлөмү таасир этет. 

Жогорудагылардан улам чийки сүттү тапшыруу жана кабыл алуу процесстерин тартипке келтирүү жана чийки сүттү заводдорго кайра иштетүүчүлөргө сатып алуу бааларын, чийки сүттү даярдоочулардын маржаларын жана чийки сүттү өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу баасын белгилөө боюнча бирдиктүү ченемди иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкты.


2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо:


- тиешелүү райондордун аймактарында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан кайра иштетүүчү заводго жылына эки жолу (жайкы жана кышкы мезгилде) бааларды белгилөө жана зарыл болгон учурда аларды оңдоо (тоюттун баасын өзгөртүү ж.б.). 

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы "Чийки уй сүтүндөгү майдын жана белоктун курамынын базистик ченемдерин белгилөө жөнүндө" №25 токтомуна ылайык, сүттүн базистик майлуулугу кеминде 3,4% түзүшү керек. Майдын курамына жараша, сатып алуу баасынын деңгээли төмөндөшү же жогорулашы мүмкүн. Майдын азайышы үчүн ар бир 0,5%, сатып алуу баасы сүттү кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан 0,5 сом/л төмөндөйт, ар бир 0,5% жогорулаганда, сатып алуу баасы тиешелүү түрдө 0,5 сом/л жогорулайт.

- даярдоочулардын маржасы 5 сом/л түзөт; 

- өндүрүүчүлөрдөн сүттү кабыл алуу баасы заводдун баасы менен даярдоочулардын маржасынын ортосундагы айырма катары көрсөтүлгөн ченем боюнча аныкталат (базалык баа мисал үчүн 37 сом/л деңгээлинде келтирилген):


3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү);

Бул долбоорду кабыл алуу сүт рыногунда баа түзүүнү мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү аркылуу ата мекендик айыл чарба сүт өндүрүүчүлөрүн жөнгө салуу жана колдоонун жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин түзүүгө багытталган.

4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):

Даяр сүт азыктарына баанын өсүшү, ошого жараша импорттук товарларга салыштырмалуу алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн начарлашы мүмкүн.


        5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо:

            Бул жөнгө салуу  сүттү кайра иштетүүчү 48 ишканаларга, айыл чарба сүт өндүрүүчүлөрүнө жана сүт алып сатуучуларга таасирин тийгизет.

            6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:        

Айыл чарба сүт өндүрүүчүлөр өткөрүлөн сүттүн сапатына жараша кошумча пайда алышат.

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:            

Долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.            

Кабарлоого төмөнкүлөр тиркелет:


1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:


- аталган проблемалар туура жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

- аталган максат негиздүүбү, аткаруу үчүн маанилүүбү;

- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (жөнгө салуу) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер пайда болушу мүмкүн;

- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы;

- сунушталган жөнгө салууга карата жалпы пикир.

Маселелердин тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.


Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:

 1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат:

- электрондук почта аркылуу

n.abdulazis@mail.ru

- почта дареги

720002, г. Бишкек, Чуй проспект, 106,

Монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана бааларды түзүү башкармалыгы

2.  Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү:

2024-жылдын 15-августунан кеч эмес

3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

2024-жылдын 31-июлу


Онлайн кайрылуу