ставки вывозных пошлин на все виды кожевенного сырья
Здравствуйте. Вы хочете вести ставки вывозных таможенных пошлин на все виды кожевенного сырья. А вы знаете что после ведение экспортных пошлин Лошадиные шкуры просто никто уже не берет даже мы не сможем сдать на мусорку оплатив деньги. А вы знаете что Казакстан понял что это неправильное политика и с мая 2023 отменил ставку экспортных пошлин так как после введение получилась очень много излишек шкур. Казахстанские заводы не справяются переработкой шкур. Если Казакстан не справляется Кыргызстан тем более. У нас нету таких больших заводов которые будет перерабатывать столько шкур. А не получится ли такая же ситуация как лошадинными шкурами и народ просто будут выбрасывать эти шкуры. Хот люди сдавали эти шкуры а тепер за деньги умоляя будут сдавать мусорку.
Суроолорго жооп:

Сиздин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Ү.Жапаровко Экономика жана коммерция министирлиги тарабынан уй жана жылкы терилеринин баардык түрлөрүнө экспорттук бажы алымдарын киргизүү жөнүндө токтом долбоорун талкууга коюлганы жөнүндө кайрылууңуз тууралуу төмөнкүнү билдиребиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы No 254 токтому менен Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишаракетинин Товардык номенклатурасынын (мындан ары ТЭИ ТН) 9 коддон турган 4101 «Малдын иштетилбеген терилери» товардык позициясынын 3 эле кодко экспорттук бажы алымдарынын ставкалары тоннасына 200 евро өлчөмүндө белгиленген. Демек, калган 6 код боюнча экспорттук бажы алымынын ставкасы 0% (нөл пайызды) түзөт. Бул жерде белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасында майда жандыктардын (кой-эчкилердин) терилерин экспорттоодо эч качан экспорттук бажы алымдары алынбаган жана алынбайт. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында малдын терисин алгачкы иштетүү менен алектенген «Лидер Гигант» ЖЧКсы, «Булгары» ЖЧКсы жана «Торугарт Трейд» ЖЧКсынын тандалып алынган алым бажылык администрациялоону кыйындатып жана караниет экспорттоочуларга алым салынбаган коддору боюнча экспорттук алым алынуучу чийки терилерди экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлүп берип жатат деген кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 10- августундагы No 444 токтому менен бекитилген ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъекттеринин ишине жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү Методикасына ылайык аталган токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасиринин талдоосу жүргүзүлгөн. Талдоолонун жыйынтыгы боюнча статистиканын маалыматтарынын негизинде токтом кабыл алынган учурдан тартып азыркы учурга чейин ташып чыгуу алымы алынбаган коддор боюнча экспорттук жеткирүүлөрдүн өсүшү ошону менен бирге ташып чыгууга бажы алымы белгиленген коддор боюнча терилердин экспорту төмөндөсү байкалууда. Ошондой эле тандалып коюлган алымдар бюджеттик жоготууларга алып келээри белгиленди жана БМТ-ге бардык кодторго экспорттук бажы алымдарынын киргизүүсү бажылык башкарууну жакшыртууга, коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга жана булгаары ишканаларынын туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет экени аныкталган. Чыг. № 26-2/15044, 27.08.2023 Чыг. № 26-2/14662, 22.08.2023 Кол койгон: Мураталиев А.Т., 26.08.2023 Кол койгон: Малаев Н.К., 22.08.2023 Сиз айткандай, Беларус Республикасында продукциянын бул түрү үчүн нөлдүк экспорттук алым коюлган. Бирок Беларус 2015-жылдан бери малдын чийки терилерин Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары алып чыгууга тыюу салууну такай колдонуп келет. Россия Федерациясына келсек, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2021- жылдын 27-ноябрындагы N 2068 токтому менен 4101 товардык позициясынын бардык коддору үчүн 1000 кг үчүн 200 евро өлчөмүндө бодо малдын чийки терилерине экспорттук бажы алымы белгиленген. Казакстан Республикасында 4101 товардык позициясынын бардык коддору боюнча бодо малдын чийки терилерине экспорттук бажы алымы бар, ал тоннасына 100 еврону түзөт жана 2023-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот (Казакстан Республиканын Улуттук экономика министрлигинин буйругу 2016-жылдын 17- февралындагы No 81). Экспорттун өсүшүнө жана ички рыноктун абалына карата бул экспорттук ставка ведомстволор аралык топтун сунушунун негизинде кайрадан көтөрүлүшү мумкун. Кошумчалай кетсек, Казакстан маал-маалы менен бодо малдын терисин экспорттоого тыюу салууну колдонуп турат. Кыргыз Республикада 14кө жакын ири жана чакан булгаары заводдору, ошондой эле булгаары чийки затын кайра иштетүү боюнча чакан цехтер бар. Ош облусунда - 2 завод, Жалал-Абад облусунда - 1 завод, Нарын облусунда - 2 завод, Чүй облусунда - 2 завод жана Бишкек шаарында 7 завод жайгашкан. БМТ кайра иштетүүчүлөрдүн айтымында, азыркы учурда жогорку сапаттагы чийки терилер гана эмес, олуттуу зыянга учураган жана кесилген сапатсыз терилер да сатылып алынууда. Ишканалар мындай терилерди кайра иштетип, тамак-аш желатиндерин чыгарууну өздөштүрүштү ошондой эле майда сувенирлерди, ээр токумдарды, камчыларды ж.б. булгаары майда буюмдарды жасап чыгаруу менен алектенген ишканаларга жеткиришет деп белгилешти. Дүйнөлүк практикада көпчүлүк өлкөлөр ички чийки заттар рынокту коргоо максатында жана ресурстардын жетишпестигинен тышкары экспорттук алымдарды өтө сейрек колдонушат. Айта кетсек, Кыргыз Республикасы экспорттук алымдарды 4 түр товарга колдонот: бодо малдын иштетилбеген терилери, акиташ-ракушечник, түстүү жана кара металл калдыктары жана кагаз менен картонго. Калган товарларга экспорттук алымдары алынбайт. Натыйжалуу экономикалык моделде даяр продукцияны өндүрүп, даяр продукцияны сатуу чийки затты сатууга караганда артыкчылыктуу. Мисалы, унга караганда макаронду чет өлкөгө сатуу 2–5 эсе пайдалуу, ал эми уруктарга караганда күн карама майын 25–100%-га кымбат сатууга болот. Ал эми Сиз атап кеткен вет-блю чийки затка кирбейт, ошондуктан иштелип чыккан продукция болгондуктан, экспорттук алымдар салынбайт. Айтып кетсек, терилердин экспорттук бажы алымдары ички рыногуна жүргүзүлгөн мониторингтин жана экономикалык негиздемелер негизинде терс таасирин тийгизгени далилденсе, «Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экспорттук алымдарды алып салууга укуктуу.

Суроо берүү
Издөө
Онлайн кайрылуу