Министр Д.Амангелдиев Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин КР кеңсесинин директору менен жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун негизги аспектилерин талкуулады

Новости
23-Январь 2024-ж.
667

Бүгүн, 2024-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) КР кеңсесинин директору Ли мырзанын Чонсу, КР миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун негизги аспектилери талкууланды. Министр Амангелдиев Корея Республикасына узак мөөнөттүү жана ишенимдүү өнөктөштүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди. Өзгөчө көңүл мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү сыяктуу түрдүү тармактарда Кыргызстанга жигердүү колдоо көрсөтүп келе жаткан KOICAнын ролуна бурулду. Ошону менен бирге министр Ли мырзанын эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана пландаштырылган долбоорлорду алдыга жылдырууга кошкон жеке салымын белгиледи.

Ли Чонсу мырза ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты координациялоодо KOICAнын контр-өнөктөшү катары министрликтин маанилүү ролун белгилеп, ар тараптуу жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ли Чонсу мырза министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Соңунда тараптар пландаштырылган демилгелердин ийгиликтүү ишке ашырылышына жана кызматташтыктын чыңдалышына ишенимин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу