КР ЭКМ башчысы Индиянын элчиси менен жолугушууда гранттык жардамдын алкагында долбоорлорду алдыга жылдыруу маселесин талкуулады

Новости
23-Январь 2024-ж.
743

2024-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Арун Кумар Чаттерджи мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Индия Республикасынан гранттык жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Протоколго кол коюлду.

Бул Протокол Кыргыз Республикасына социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган Индия Республикасынын гранттык жардамы аркылуу биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө көмөктөшөт.

Гранттык долбоорлор билим берүү, саламаттыкты сактоо, санариптештирүү жана айыл чарба сыяктуу тармактарга багытталышы пландалууда.

Индия тарап эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Кыргызстанда тиешелүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана тыгыз кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу