Аймактык реформаны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу

Новости
22-Январь 2024-ж.
819

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ”Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Жарлыктын Жол картасы менен бекитилген иш-чаралардын негизинде иш алып барууда.  

Аталган Жарлыктын Жол картасынын иш-чараларына ылайык, Экономика министрлигинин 2024-жылдын 15-январындагы буйругу менен административдик-аймактык реформаны жүргүзүүгө көмөк көргөзүү үчүн Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. 

Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5 депутаты (Ч.А.Султанбекова, З.Д.Мамасадыков, А.Б.Кенжебаев, Ж.С.Кыдыкбаев жана Н.К.Алимбеков), министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн биринчи орун басарлары киргизилди. 

Ушундай эле жумушчу топтор ар бир облустун жана райондун деңгээлинде түзүлдү.

Жумушчу топтун негизги милдети болуп административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө көмөк көргөзүү, иш-чараларды ишке ашыруу мезгилинде пайда болгон ар түрдүү жагдайларды ыкчам жана мыйзам ченемдүү чечүүнү уюштуруу жана консультациялык-методикалык, юридикалык жардамдарды берүү жана жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп эсептелет.

Жумушчу топтун биринчи отуруму 2024-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун төрагалыгында өткөрүлүп, ага жумушчу топтун курамына кирген облустардын өкүлдөрү онлайн режиминде катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар аныкталып, тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жумушчу топтун жыйыны жумасына бир жолу өткөрүү белгиленди.

Жумушчу топтун ишин оперативдүү түрдө жүргүзүү үчүн WhatsApp  группа түзулдү.

Бүгүнкү күндө, административдик-аймактык реформаны жүргүзүү толук кандуу башталып, ар бир облуста жана шаарларда тиешелүү иш-чаралар аткарылып, республика боюнча реформа жүргүзүүгө даярдыктар көрүлүүдө. 

Бул саясий өнөктүк менен Кыргыз Республикасындагы айыл аймактар ирилештирилип, шаарлардын территориялары кеңейтилүүдө. Аталган Жарлыкка ылайык айыл аймактардын саны 452 ден 235 ке кыскарып, 215 айыл аймак ирилештирилип жаткан айыл аймактарынын же шаарлардын курамына киргизилүүдө. (235 тин ичине мурда реформа өткөрүлгөн Ысык-Көл районунун Түп районунун жана Нарын облусунун  айыл аймактары кирет).

Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Балта, жана Токтогул шаарларынын курамына жакын жайгашкан айыл аймактары киргизилип, шаарлардын территориялары бир топ кеңейүүдө. Албетте, шаарлардын территориялары кеңейүү менен бирге аларга айыл аймактардын социалдык, инфраструктуралык, экономикалык көйгөйлөрү да кошо өтүүдө. Бул маселе менен бүгүн шаарлардын жетекчилери тыгыз иштөөсү абзел.

Админисративдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн бардык аспекттери Ведомстволор аралык жумушчу топтун көзөмөлүндө болуп, иш-чаралардын жүрүшүндө жаралган ар бир жагдайды ыкчам жана ордунда, керектүү мамлекеттик органдарды тартуу менен чечүүгө даяр.

                                    


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу