Акыркы он жылда электрондук соода жана электрондук бизнес чөйрөсүндөгү активдүүлүк байкалууда

Новости
22-Январь 2024-ж.
732

Бул тууралуу 2024 жылдын 22 январында КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Кабар” агенттигинде откон пресс-конференцияда 2023 жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйнтыгы боюнча билдирди.

Ал маалымдагыдай, электрондук соода инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында өлкөнүн ири транспорттук түйүндөрүнө жакын жайгашкан Электрондук коммерция паркын куруу боюнча долбоор ишке ашырылып баштады. 

Аны менен бирге соода саясаты тармагында,

- 2023-жылдын 9-июнунда Астана шаарындагы Эл аралык форумдун талааларында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда “Ак-Тилек” жана “Карасу” автожол өткөрүү пункттарынын районунда индустриалдык соода-логистикалык комплексти түзүү жана ишин жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлган.

- Институционалдык чөйрөнүн сапатын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча Программа бекитилген (КР МКнин 2022-жылдын 16-декабрындагы).

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кытай Эл Республикасындагы, Түркия Республикасындагы жана Өзбекстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрү өз ишин баштады.

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча борбор түзүлдү.

Ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна чыгаруу максатында Улуттук көргөзмө павильону көрсөтүлүп, анда төмөнкүлөргө жетишилди:

- жалпы суммасы 500 млн сомдон ашкан нукура балды экспорттоого кол коюлган келишимдер, бул Кыргыз балынын жогорку сапатын жана анын дүйнөлүк рынокто жагымдуулугун тастыктайт;

- ийгиликтүү 20 000 тонна балык жана балык азыктарын экспорттоо, өлкөнүн балык чарбасын жана анын экспорттук дараметин өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат;

- экспортко 100 000 тонна эт жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Тамак-аш өнөр жайынын жана калктын импорттук Айыл чарба продукциясына болгон муктаждыгын камсыздоо жана ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн коргоо үчүн 2024-жылга жылдык тарифтик квоталардын көлөмүн белгилөө боюнча иштер жүргүзүлдү:

- Вьетнам Социалисттик Республикасынан жана Сербия Республикасынан Бирликтин бажы аймагына айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө (ЕЭК Коллегиясынын 2023-жылдын 22-августундагы  жана 2023-жылдын 28-августундагы чечими);

- бодо малдын этине жана канаттуулардын этине (ЕЭК Коллегиясынын 2023-жылдын 22-августундагы чечими);

- камыш кантына 50 миң тонна көлөмүндө (ЕЭК Кеңешинин 2023-жылдын 30-мартындагы чечими).

Куралдарды, аскердик техниканы, аскердик багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алып өтүүнү, анын ичинде аскердик багыттагы продукцияларды экспорттоону, импорттоону жана транзиттөөнү мамлекеттик жөнгө салууну белгилөө максатында “Экспорттук контроль жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди (КР 2023-жылдын 15-февралындагы Мыйзамы).


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу