Экономикалык кырдаалды турукташтыруу үчүн 2026-жылга чейин КР бизнести өнүктүрүү программасы бекитилди

Новости
22-Январь 2024-ж.
983

2024 жылдын 22 январында “Кабар” агенттигинде КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2023-жылы өлкөдөгү экономикалык туруктуулукту сактоо, өнүктүрүү жана жигердүүлүктү калыбына келтирүү боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана экономикалык кырдаалды тез арада турукташтыруу үчүн:

- жаңы чакырыктарды эске алуу менен бизнести туруктуу өнүктүрүүгө, коомдун керектөөлөрүн камсыздоого, экономикалык коопсуздукка, айлана-чөйрөнү жана ресурстук базаны сактоого багытталган 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасы бекитилди;

- инвестицияларды тартуу жана ишкерлердин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында 100 даана бизнес долбоорлордун шаблондору иштелип чыкты;

- кыйла өнүккөн өлкөлөрдүн жарандарына “санариптик көчмөн” статусун берүү үчүн өлкөлөрдүн саны кеңейтилди, ал “санариптик көчмөндөр” («Digital nomad») адамдардын заманбап креативдүү категориясы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүүгө, республикага маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана креативдүү индустриялар чөйрөсүндө жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистерди тартууга мүмкүндүк берет;

- креативдүү иш менен алектенген ишкерлердин ишмердигинин өзгөчө режимин иштетүү үчүн креативдүү индустриялар паркы ишке киргизилди;

- Орто-Токой суу сактагычына 35,5 МВт кубаттуулуктагы чакан гидроэлектростанцияны курууга “Чакан ГЭС” ААКсына 21 млн АКШ доллары өлчөмүндө кепилдик берилди;

- “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасына продукциянын жаңы түрлөрүн өздөштүрүүгө жана “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасын масштабдуу техникалык модернизациялоого 3,8 млрд. рубль өлчөмүндө кепилдик берилген.

- кубаттуулугу 100 Мвт ашкан “Куланак” ГЭСин курууга “Нарын” өндүрүштүк ишканасы ЖЧКга 88 млн долл. суммасында кепилдик берилген.

- 88 млн. АКШ доллары суммасында кубаттуулугу жылына 1,5 млн тонна цемент болгон “Терек-Таш” ЖЧК цемент заводун куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга кепилдик берилген.

2023-жылы азык-түлүк товарларына рыноктук бааны кармап туруу жана турукташтыруу максатында, социалдык маанилүү товарлар үчүн төмөнкү иштер аткарылды: 

- баа түзүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүүнү камсыз кылууну караган “Бааларды түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды;

- “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жалпы жана коррупциялык мүнөздөгү ченемдерди жоюу максатында өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди; 

- социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы токтом менен кабыл алынган;

- 2023-жылга социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин токтотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы бекитилди. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмага ылайык, мамлекеттик колдоонун негизинде өлкөдө өнөр жай тармагында бир топ төмөнкүдөй жетишкендиктер көрсөтулгөн. 

2023-жылы КР Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын чогултуу өндүрүшүн уюштуруу баюнча макулдашууга кол коюлду жана Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылында жайгашкан “Алтын Тулпар Унаа Курулуш” жеңил автомобильдерди жана коммерциялык транспорт каражаттарын чогултуу боюнча “Алтын Тулпар Унаа Курулуш”заводунун курулушу башталды. 

Жаңы доорго төп келген өзгөчө потенциалдуу экономикалык тармактарга токтолуп кетсем.

Бул багытта креативдүү индустрия чөйрөсүн өркүндөтүү боюнча укуктук база түзүлүп, Креативдүү индустриялар паркы түзүлдү. 

Ошондой эле, климаттык көйгөйлөргө байланыштуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды тартуу максатында, кайра жаралуучу энергияны колдонууга жана ресурстарды сактоого арналган жабдууларга фискалдык жеңилдиктерди берүү боюнча иштер улантылды.

Министрликтин демилгеси менен электромобилдерди ташып келүүгө тарифтик жеңилдик белгиленген. Натыйжада Кыргызстан 10000 электромобилди 2023-жылы алымсыз алып кирүүгө мүмкүнчүлүк алды.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу