Ата мекендик продукцияны Кытайдын рынокторуна экспорттоону өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча меморандумга кол коюлду

Новости
17-Январь 2024-ж.
961

2024-жылдын 17-январында Экономика жана коммерция министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерцияга караштуу Соода өкүлчүлүгү менен Юридикалык жактардын:: « Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинөенүктүрүү үчүн ассоциациясы »; « ЖИА Бизнес ассоциациясы » жана «Кыргыз Республикасынын Мөмө өстүрүүчүлөр Ассоциациясы» бирикмелеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.

Тараптар Кытай Эл Республикасынын рынокторуна ата мекендик продукцияны экспорттоону өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө биргелешип көмөктөшүүнү макулдашты.

Атап айтканда, тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзгөн ата мекендик ишкерлерди коргоонун жана колдоонун натыйжалуу механизмин такай камсыз кылуу. Бизнес маалыматын алмашуу, анын ичинде эл аралык соода жана экспорттук маалыматтар, аналитикалык серептер жана рыноктук изилдөөлөрдүн натыйжалары. Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан бардык маселелер боюнча өз ара консультацияларды камсыз кылуу. Экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү жана кеңейтүү максатында улуттук жана эл аралык көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, симпозиумдарды жана конференцияларды, ошондой эле бизнес-форумдарды, пресс-конференцияларды жана семинарларды жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүгө же аларга катышууга көмөк көрсөтүү каралды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу