Кытайга продукцияны экспорттоо шарттары жөнүндө

Новости
17-Январь 2024-ж.
1037

2024-жылдын 7-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Айнура Үсөнбекованын жетекчилиги астында мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда төмөнкү маселелер боюнча кеңешме болуп өттү:


- Кытайга башка өлкөлөрдөн продукциянын импортун көзөмөлдөөчү орган;


- Тобокелдик деңгээли боюнча продукцияны классификациялоо;


- Экспорттоочуларга талаптар;


- Өндүрүүчүлөр үчүн талаптар. Жаныбарлардан алынган продуктылар. Өсүмдүк тектүү продуктылар. Эки тараптуу протоколдор. Тамак азыктары;


- Реестрлерде каттоо жана CIFERдин бирдиктүү терезесинде каттоо;


- CIFERдин бирдиктүү терезесинде каттоо: өз өлкөсүнүн мамлекеттик органы тарабынан сунушталган продукциялар жана өндүрүүчү тарабынан өз алдынча берилген продукциялар;


- Импорттоодо продукцияга карата талаптар. Сапатты жана коопсуздукту текшерүү. Этикеткалар. Стандарттар. Соода маркалары;

ХАССП сертификациясы жана органикалык продукциянын сертификациясы;


Маалыматты Алматы өкүлчүлүгүнүн (CCIC) Кытай инспекциясы жана сертификаттоо тобунун директорунун орун басары Анна Новикова берди.


Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандан Кытайга продукцияны экспорттоонун негизги маселелерин, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн кызматташуунун мындан аркы келечектүү багыттарын талкуулашты.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу