Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү максаттары тууралуу

Новости
17-Январь 2024-ж.
850

Кыргыз Республикасынын Президенти 2024-жылдын 10-январында “Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.  Бул мыйзам 2023-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдүн бир багыты туризм тармагын туруктуу өнүктүрүү максатын көздөйт. Мыйзамга “Туризмди туруктуу өнүктүрүү” жана “Туруктуу туризм” түшүнүктөрү киргизилди.

Туризмди туруктуу өнүктүрүү - бул узак мөөнөттүү мезгилге багытталган туризмди өнүктүрүү, мында өнүгүүнүн экономикалык, экологиялык, социалдык жана маданий максаттарын ишке ашырууда тең салмактуулукка жетишилет, туристтик ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун жана ар тараптуу өнөктөштүктүн негизинде бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктары эске алынат. 

Туруктуу туризмде болсо, айлана чөйрөнүн ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу камсыз кылынат, кабыл алуучу коомдоштуктардын социалдык, маданий өзгөчөлүктөрү колдоого алынат, узак мөөнөттүү экономикалык процесстердин натыйжалуулугу жана жашоого ылайыктуулугу камсыз кылынат, ал эми туризмди өнүктүрүүдөн алынган каражаттардын бир бөлүгү туристтик ресурстарды калыбына келтирүүгө жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү технологияларын өркүндөтүүгө багытталат.

Дүйнөлүк Туризм уюму берген аныктамага ылайык, туруктуу туризм - бул туристтердин, туризм индустриясынын, айлана-чөйрөнүн жана кабыл алуучу жамааттардын керектөөлөрүн канааттандырууда анын учурдагы жана келечектеги экономикалык, социалдык жана экологиялык кесепеттерин эске алууну толук камсыз кылган туризм.

Учурда Кыргыз Республикасында туризмди орто мөөнөттө туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоору иштелип чыкты, бекитилген тартипте кабыл алуу максатында, туризм чөйрөсүнүн өкүлдөрү  менен талкуу жүргүзүлүүдө.  

Кыргыз Республикасы туризмди туруктуу өнүктүрүү жана жер-жерлерде туруктуу туризмдин глобалдык көрсөткүчтөрүн киргизүү туризм тармагын өнүктүрүү саясатын жүргүзүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын катарын толуктайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу