Туристтик ресурстардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрлерин түзүү тууралуу

Новости
17-Январь 2024-ж.
773

Кыргыз Республикасынын “Туризм жөнүндө” Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдүн максаттарынын бирине ылайык, Кыргыз Республикасында туризм тармагын өнүктүрүүнү жөнгө салуу үчүн туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин жана туристтик ресурстардын бирдиктүү мамлекеттик реестрлери түзүлөт. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 23-декабрында кабыл алынган токтому менен бекитилген саякат бюролорунун жана туристтик агенттиктердин кызмат көрсөтүү тармагынын бирдиктүү рыногуна кирүү үчүн да, Кыргыз Республикасынын туристтик ишмердүүлүк субъекттеринин реестрин түзүү милдетүү шарт болуп саналат.

Туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин реестри Кыргыз Республикасында кызмат көрсөтүүчүлөр тууралуу маалыматты камтыйт, реестрге киргизүү ыктыярдуу негизде ишке ашырылат. Ал эми, туристтик ресурстардын реестри туристтик ресурстардын статусу, географиялык абалы, чектери жана коргоо режими тууралуу маалыматты камтыйт.

Туристтик ресурстардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан  ишке ашырылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу