Министрдин орун басары С.Болотов Корея Республикасынын элчиси менен жолугушууда кызматташуу жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Новости
17-Январь 2024-ж.
936

2024-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция  министринин орун басары Санжарбек Болотов менен Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонже мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Министрдин орун басары С.Болотов Корея Республикасы Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин, аны менен достук, ишенимдүү мамилелер түзүлүп, кеңири чөйрөдө тыгыз кызматташтык түзүлүп жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле Корея тарапка Кыргыз Республикасын Кореядан өнүктүрүү боюнча расмий жардам (ӨРЖ) алуу үчүн артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмесине кошкондугу жана Кыргыз Республикасына кабыл алынган жардам көрсөтүү стратегиясы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал тартылган тышкы жардамдын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жагынан кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Ли Вондже эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, 2024-жылы Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 6-жыйынынын өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмүн, туристтик агымдарды жана бизнес байланыштарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү каттамдардын санын көбөйтүү пландары тууралуу маалымат берди.

Тараптар өз ара сооданын өсүү темпи оң экендигин белгилешти, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соодада орун алган олуттуу дисбалансты азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын талкуулашты.

Мындан тышкары, Тараптар республикада чет элдик инвесторлордун ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты. Министрдин орун басары бизнестин кызыкчылыктарын колдоо, коргоо жана илгерилетүү механизмдерин сунуштады.

Тараптар ошондой эле Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (KOICA) аркылуу кызматташуу маселелерин, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу, тышкы жардамды тартуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу