Глобалдык белгисиздик шарттарында Кыргыз Республикасынын 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жакшы натыйжаларды көрсөттү. Акыркы үч жылда экономиканын орточо 6,9%га өсүшү (2021-105,5%, 2022-109,0%, 2023-106,2%) экономиканын туруктуулугун жана анын постковиддик кырдаалга жана учурдагы геосаясий кырдаалга акырындык менен ыңгайлашуусун көрсөтөт, (логистикалык камсыздоо тизмегинин үзгүлтүккө учурашы, санкциялар, товардык жана финансылык рыноктордогу туруксуздук, өндүрүштүн наркынын өсүшү, дүйнөлүк инфляция ж.б.у.с.), бул экономиканын секторлорун стимулдаштыруу, ресурстарды эффективдүү башкаруу жана фискалдык реформалар боюнча чаралар комплексин ийгиликтүү ишке ашыруу менен шартталган.
Кыргыз Республикасындагы 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги натыйжасы болуп макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана социалдык коргоо жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы бардык пландаштырылган мамлекеттик милдеттенмелерди өз убагында аткаруу саналат.
2023-жылдын январь-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала баалоосу боюнча ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 1 228,9 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 106,2%ды (2022-жылга карата) - 109, 0%).түздү.
Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 10,3%га, тейлөө чөйрөсүндө – 6,2%га, өнөр жайда – 2,7%га, айыл чарбасында – 0,6%га өскөн.
Экономикада пайда болгон тенденциялардан улам номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 32,3%ды, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 50,8%ды түздү.
2023-жылдын январь-декабрында өнөр жай ишканалары тарабынан 482,8 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлүп, 2022-жылга салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 2,7%га өскөн (2022-жылга – 11,4%га өскөн).
2023-жылдын январь-декабрында айыл чарбасынын дүң продукциясы 378,7 млрд сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 100,6%ды (2022-жылга – 7,3%га өскөн) түздү. Айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшүнүн өсүшү жумуртканы 12,8 %га, сүттү 2,5 %га жана этти 1,7 %га көбөйтүүнүн эсебинен мал чарба продукциясын өндүрүүнүн 2,3 %га өсүшүнүн эсебинен камсыз кылынды.
2023-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 168,5 млрд сомду түзүп, 18,8%га өстү (2022-жылы 4,0%га өскөн).
Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2023-жылдын январь-декабрында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 198,0 млрд сомду түзүп, 10,3 %га өстү (2022-жылы 9,1 %га өскөн).
2023-жылдын январь-декабрь айларынын жыйынтыгы боюнча тейлөө тармагынын дүң продукциясынын көлөмү 1005,0 млрд сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 7,3%га өстү.
Кызмат көрсөтүүчү экономика секторлорунун структурасында эң чоң үлүштү дүң жана чекене соода - 35,0%, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр - 8,0% жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтары - 9,9% ээлейт.
Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 107,3%ды түздү (2023-жылдын январь-декабрь айлары өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2023-жылдын январь-декабрынан 2022-жылдын январь-декабрына карата) 110,8%ды түздү.
Азык-түлүк эмес товарларга баалар 12,2%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге - 11,3%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 3,4%га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 9,1%га жогорулаган.
Баалардын калыптанышына төмөнкү факторлор таасир эткен:
- ички рыноктун азык-түлүк товарларынын (ун, өсүмдүк майы, кант, жарма ж.б.) импортунан көз карандылыгы;
- азык-түлүк товарларына (жемиштер, жашылчалар) баанын сезондук өзгөрүшү;
- дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы, ошого жараша логистиканын наркынын жогорулашы;
- калктын жогорулатылган инфляциялык күтүүлөрүн сактоо.
Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2023-жылдын январь-ноябрь айларында 32142 сомду түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,6%га өстү, ал эми анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 8. 6% өскөн.
2023-жылдын 11 айында тышкы сооданын көлөмү 13,9 млрд АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 29,0%га өстү, ал эми товарлардын экспорту 2,8 млрд АКШ долларын түзүп, 36,7%га өстү, ал эми товарлардын импорту 11,1 млрд АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 27,2%га өстү. Мында соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү 20,2%ды, импорттуку 79,8%ды түздү.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 3,9 млрд долларды түзүп, 2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 11,0%га азайган. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,9%) жана Казакстанга (31,7%) туура келген.
Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-ноябрь айларында 10,0 млрд АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1,6 эсеге өстү.