Министр Д.Амангелдиев: Экономикалык өсүштүн эмгек рыногуна жана жумуштуулукка тийгизген таасири жөнүндө

Новости
11-Январь 2024-ж.
992

2023-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы жумушчу орундарын түзүү маселеси каралып жаткан жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев экономиканын өсүшүнүн эмгекке жана иш менен камсыз кылууга тийгизген таасири тууралуу маалымат берди. 


Белгиленгендей, Кыргыз Республикасын 2021-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары (5,5% жана 6,3%га тиешелүүлүгүнө жараша өсүш) жана 2023-жылдын январь-ноябрь айларында экономиканын өсүшүнүн жалпысынан оң динамикасын көрсөттү.


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2023-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 1 072,6 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104,4%ды түздү.


Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 14,3%га, тейлөө чөйрөсүндө – 5,6%га, өнөр жайда – 1,6%га, айыл чарбасында – 0,3%га өскөн.


Жетишилген оң динамика өлкөнүн экономикасынын тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча максаттуу аракеттердин натыйжасы болуп саналат.


Экономикалык өсүш жумуш орундарын түзсө жана  иш менен камсыз кылуу, жакырчылыкты кыскартуу ортосундагы тыгыз байланыштан улам татыктуу жумушка көмөктөшсө гана инклюзивдүү болушу мүмкүн.


Акыркы эки жылда жалпы экономикалык өсүшкө эмгек капиталынын салымы орто эсеп менен 2,0% түздү.


Экономикалык активдүү калктын саны 2022-жылы 2712,7 миң адамды, анын ичинен 2581,1 миң адамды түзүп, иш менен алек болду. 2022-жылга карата жумушсуздуктун жалпы деңгээли 4,9% түзөт.


Экономикалык өсүш башка нерселер менен катар жаңы ишканаларды жана уюмдарды ишке киргизүү менен шартталган, бул жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыз кылат.


2022-жылы экономикалык өсүштүн реалдуу темпи 6,3%га жетти (алдын ала маалыматтар), жыйынтыгында 2581 миң адам жумуш менен камсыз болгон. Бул жалпы экономикалык активдүү калктын 95%дан ашыгын түзөт, бул жалпы жумушсуздуктун 2021-жылдагы 5,3%га карата 4,9%га төмөндөшүнө мүмкүндүк берди.


Алсак, 2022-жылы Кыргыз Республикасында 103 701 жаңы жумуш орундары түзүлдү, анын ичинен 8 537си экономиканын формалдуу секторунда ишканаларда жана уюмдарда, 95 164ү формалдуу эмес сектордо түзүлгөн. Аймактар боюнча айтсак, эң көп жаңы жумуш орундары Бишкек шаарында (3310) жана Ошто (585) түзүлдү.


Ал эми 2023-жылдын 9 айында 90 миң 533 жаңы жумуш орундары түзүлдү, анын ичинен 10 миң 13ү экономиканын формалдуу секторунда ишканаларда жана уюмдарда, 80 миң 520сы формалдуу эмес сектордо түзүлгөн.


Кыргызстанда формалдуу эмес экономика сакталууда; ал эл чарбасынын айрым тармактарында, атап айтканда, соодада жана кызмат көрсөтүүдө топтолгон.


Улуттук статистикалык комитеттин 2023-жылдын январь-сентябрь айлары үчүн маалыматы боюнча экономиканын формалдуу эмес секторунда 80 520 жумушчу орун түзүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу