Мал союу боюнча заманбап комбинаттын ачылышы жогорку деңгээлдеги стандарттагы көптөгөн ишканалар үчүн үлгү болот

Новости
28-Сентябрь 2015-ж.
2048

2015-жылдын 29-сентябрында Лебединовка айылында Премьер-министр Темир Сариевдин, Экономика министри Олег Панкратовдун, Түрк элчиси Метин Кылычтын, тийиштүү мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктардын жана Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Бажы бирлигинин техникалык регламенттерине ылайык, НАССР контролдоо системасынын принциптерин жана халал стандарттарын сактоо менен курулган республикадагы мал союу боюнча алгачкы адистештирилген комбинат ачылды.

Комбинаттын негизги милдети эт азыктарын ири иштетүүчүлөрдү сапаттуу жана коопсуз продукция менен камсыздоо болуп саналат.

Өндүрүш бардык санитардык ченемдерге жана техникалык регламенттердин талаптарына ылайык мал союунун жогорку сапаттагы тейлөө көрсөтүүсүнө багытталды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу