2015-жылдын 27-28-октябрында Түрк Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши (Түрк кеңеши) жана Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча ПРООН Региондук бюросу уюштурган өнүгүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча конференция болуп өттү.
Бул сессиянын жүрүшүндө конференциянын катышуучулары Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну ийгиликтүү жана толук киргизүү үчүн ишке ашыруунун жүрүшү жана Программаны ишке ашырууга андан-аркы артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат алышты.