Өлкөнүн ЕАЭБге кошулуусунан кийин тигүү тармагынын өндүрүшүнүн төмөндөшү бир кыйла азайды

Новости
28-Октябрь 2015-ж.
1967

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги акыркы эки жылдын ичинде тигүү продукциясынын өндүрүшүнүн темпи бир кыйла төмөндөгөнүн маалымдайт. Ошентип, 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча өндүрүштүн көлөмү 17,4% азайган, 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча 23,6%, 2015-жылдын биринчи жарым жылы үчүн азаюу мурунку жылдын ушул эле мезгилинен 40% чейин азаюуну түзгөн.

Экономика министрлиги бул маселеге дайыма байкоо жүргүзүп турат. Ушул жылдын 22-октябрында Экономика министри Олег Панкратовдун «Мадина» базарынын ишкерлери менен жолугушуусунда соода-сатык маселелери, бажы тарифтеринин негиздүүлүгү, айрым орундар үчүн ыктыярдуу патенттердин ставкаларынын жогорулашы жана «Мадина» базарынын автоунаа каражаттарын токтотуу үчүн участок бөлүп берүүнүн зарылдыгы тууралуу талкууланды.

Ишкерлер өз кезегинде кг үчүн 0,35 центтен 0,5 центке чейинки бажы алымдарынын ставкаларын өзгөртүү товардын өздүк наркына эч кандай таасирин тийгизбей тургандыгын жана булар алгылыктуу баа болуп саналарын айтышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу