Маймак айылынын тургундары «Дан Азык» ААК ишканасын текшерүүнү суранышат

Новости
15-Декабрь 2023-ж.
1312

2023-жылдын 15-декабрында өлкөнүн бардык облустарынан, аймактарынан жана Бишкек шаарынан делегаттар катышкан Экинчи Элдик Курултайдын иши жүрүп жатат.

Талас облусунун жашоочуларынын атынан делегат КР Экономика жана коммерцмя министрлигине кайрылды.

Тактап айтканда, ал билдиргендей, Союз тарашы менен Талас облусунун Айтматов районундагы Маймак айылынан 9 гектар жерди ээлеп турган «Дан Азык» ААК ишканасы жеке менчикке өтүп, ишмердүүлүгүн токтоткон. Буга байланыштуу айылдын жашоочулары. Маймактан аталган ишканага текшерүү жүргүзүп, ишкана ээлерин жоопкерчиликке тартууну суранат.

Ошондой эле 1,8 гектар жерди ээлеген дагы бир ишкана – «Максат» акционердик коомунун ишке киргизилишине көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.

Эске сала кетсек,   700 делегаттан анын ичинен 640 делегат республиканын бардык аймактарынан, 30 делегат этникалык топтордон жана 30 делегат чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан турат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу