Кадамжай районунун , Майдан айыл аймагындагы Исфайрам, Бак, Сары-Алтын айылдарына чек ара статусун берүү жөнүндө

Новости
15-Декабрь 2023-ж.
1592

Бүгүн, 2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарындагы Экинчи Элдик Курултайдын ишинин алкагында Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Исфайрам, Бак, Сары-Алтын айылдарынан келген делегаттар КР Экономика жана коммерция министри Кыргыз Республикасы Данияр Амангелдиев кайрылышты.

Тактап айтканда, Кадамжай районунун Майдан айыл аймагына караштуу Исфайрам, Бак, Сары-Алтын айылдарына чек ара макамын берүүгө көмөктөшүүнү суранышууда. Жогоруда аталган айылдар Өзбекстан Республикасы менен түз чектеш жайгашкан. Ошондуктан курултайдын делегаттары чек ара макамын алуу зарыл деп эсептешет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу