Жумгал районунун Куйручук- Кызарт айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү туризм тармагындагы жеке ишкерлерге үстөксүз насыя берүүгө көмөктөшүүнү суранышты

Новости
15-Декабрь 2023-ж.
1643

Жумгал районунун Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн делегаттары туризм тармагында иштеген жеке ишкерлерге үстөксүз насыя берүүгө көмөктөшүүнү суранат. Кызарт айылынан Соң-Көл жайлоосуна чейинки ТУЗ-Ашуу жана Шилбили жолдорун жакшыртууга, ошондой эле айылдын экологиясын жакшыртууга республикалык бюджеттен каражат бөлүнсө. Кызартта таштандыны кайра иштетүүчү завод түзүлдү.

Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда экинчи Элдик Курултайдын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция боюнча биринчи орун басары Чоро Сейитов менен жолугушууда делегаттар билдирди.

Тактап айтканда, делегаттар айыл өкмөт жана туризм тармагында иштеген жеке ишкерлер менен биргеликте Куйручук-Кызарт айылынын аймагында туризмди өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтышты. Кызарт айылынан Соң-Көлдүн жайлоосуна баруучу жолдор жыл сайын аз-аздан болсо да, өтө көйгөйлүү аймактарга салынып келет. Аны бүтүрүүгө каражат жетишсиз. Учурда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушун 2024-жылы бүтүрүү пландалууда. Бул жолдун курулушу бүтүп, пайдаланууга берилсе, бүгүнкү күндөгү негизги максат туристтердин санын көбөйтүү, тейлөөнү жакшыртуу, ыңгайлуу шарттарды түзүү экендигин белгилешти делегаттар.

Экинчи Элдик Курултайдын ишине өлкөнүн бардык облустарынан жана Бишкек шаарынан делегаттар катышууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу