Жогорку Кеңеш республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алды

Новости
14-Декабрь 2023-ж.
2274

2023-жылдын 14-декабрында Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгилине” экинчи жана үчүнчү окууда  мыйзам долбоорлорун талкуулашты.

Жыйынга төрага Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышууда.

Мыйзам долбоорлорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.

Мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов берди.

Алсак, “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору бюджеттик тактоолорду жана бюджеттик процессти натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, учурдагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүндөгү өзгөрүүлөр иштелип чыккан.

2023-жылга бюджеттин параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизги фактору болуп бюджеттин киреше бөлүгүн өзгөртүү жана жаңы социалдык маанилүү чыгаша демилгелерин кабыл алуу болду.

2023-жылдын республикалык бюджетинин киреше бөлүгү экинчи окууга 352 миллиард 807 миллион 894 миң сом өлчөмүндө сунушталды.

2023-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 361 миллиард 795 миллион 602 миң сом суммасында болжолдонууда.

2023-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 8 миллиард 987 миллион 708 миң сом өлчөмүндө болжолдонууда.

“Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорунда 2024-жылга мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 378,4 миллиард сом өлчөмүндө каралганы белгиленген..

2024-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 367,5 миллиард сом өлчөмүндө белгиленет. 2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сомду түзөт.

Мыйзам долбоорлору үч окууда кабыл алынды. 77 депутат “макул”, 1 депутат “каршы” добуш берди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу