Басма сөз билдирүү “Бишкек Арена” шаардык муз тебүү аянтчасында 2023-2024-жылдардагы кышкы туристтик сезондун ачылышы тууралуу

Новости
13-Декабрь 2023-ж.
1152

2023-жылдын 14-декабрында сааи 11.00 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте, эл аралык өнөктөштөр жана “Шаардык муз аянтчасы” спорттук оюн-зоок комплекси, жана башка өнөктөштөрдүн колдоосунда “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчасында Кыргыз Республикасындагы 2023-2024-жылдарга карата кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылыш аземин өткөрөт. 


Иш-чарада коньки тебүү, хоккей, муз үстүндө акробатика чеберчилигин көрсөтүү, белгилүү ырчылар жана бийчилердин катышуусундагы концерттик программа менен коштолуп, катышуучулар арасында байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар кызыктуу сынактар уюштурулат.


Ошондой эле бул күнү муз тебүү үчүн “Бишкек Арена” тарабынан 50 пайыздык (%) арзандатуу күтүлөт.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу