Министр Д.Амангелдиев кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун пленардык жыйынына катышты

Новости
08-Декабрь 2023-ж.
915

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри  Данияр Амангельдиев  жана  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы  Канат Асангулов  4-7-декабрда Санья шаарында (Кытай Эл Республикасы) өз ара баалоо жана укуктук маселелер боюнча Жумушчу топтун ишине жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (мындан ары – ЕАГ) 39-пленардык отурумуна катышышты.

Ошондой эле ЕАГга мүчө мамлекеттердин делегация башчылары жана акчаларды адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) өкүлү менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлгөн.

Бул жыйындарда “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (Кыргыз Республикасындагы капиталга мунапыс берүү программасы) аткарылышы жөнүндө маселе каралды.

Кыргыз тараптан программаны практикалык имплементациялоо жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан салык реформаларды колдоого багытталгандыгы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

ЕАГга мүчө мамлекеттер программа акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн улуттук жана эл аралык талаптарын аткарууга тоскоолдук кылбайт деп макулдашты жана анын экономикага ак ниет капиталды тартууга багытталгандыгын белгилешти.

Кыргыз Республикасы программаны кылмыштуу максаттарда кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө максатында анын мониторингин жүргүзүүнү, ошондой эле ЕАГ катчылыгы жана кызыкдар мамлекеттер менен капиталга мунапыс берүү программасынын маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү улантат.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу