Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн Кыргыз Республикасындагы МЖӨ өнүктүрүү боюнча семинар-тренингдин 2-цикли өткөрүлөт

Новости
27-Октябрь 2015-ж.
1942

2015-жылдын 28-29-октябрында Экономика министрлигинде Польша Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган «Кыргызстандагы Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү» темасындагы семинар-тренингдин экинчи цикли болуп өтөт.

Тематикага жана тренингдин максатына ылайык бул иш-чарага министрликтердин жана ведомстволордун, ЖӨБ жана Кыргызстандын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү чакырылат. Кызыкдар болгон болсоңуздар 620535 (+5051) телефону боюнча Качкынбай кызы Жылдызга кайрылыңыздар

Боло турган тренинг окутуучу семинарлардын экинчи раунду болуп саналат.

Биринчи раунд Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын 60га жакын өкүлдөрү катышкан 2015-жылдын 2-3-июнунда болуп өткөн

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу