Экономика жана коммерция министрлиги: Соода ишинин субъекттеринин патенттин негизинде башка салык режимдерине өтүшү жөнүндө

Новости
01-Декабрь 2023-ж.
1053

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги соода ишмердигине патенттер 2024-жылдын 1-январына чейин жарактуу экенин билдирет.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын базарларында жана кичи базарларында соода ишинин субъекттери патенттин негизинде 0,1% ставкасы боюнча бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуу системасына өтүүгө укуктуу.

«Дордой» жана «Тураталы эл базары» (Кара-Суу) сыяктуу стратегиялык объектилерге кирген базарларда иштеген салык төлөөчүлөр үчүн атайын салык режими каралган.

Бул салык киреше салыгын, сатуудан алынуучу салыкты, КНСти алмаштырат жана акциздик товарларды жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылгандарды кошпогондо, товарларды сатууга карата колдонулат. Салыктын ставкасы учурдагы календардык жылга алуу пландаштырылган кирешелердин декларацияланган көлөмүнө жараша соода түйүнүнө белгиленет.

“Дордой” жана “Тураталы эл базары” (Кара-Суу) конуштарынын аймагында иш жүргүзгөн ишкердик субъекттери үчүн каралган атайын салык режими аларды чекене соодада контролдук-кассалык машиналарды (ККМ), электрондук эсеп-фактураларды (ЭСФ) жана (ЭTТН) өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш алып барган субъектилердин ортосунда электрондук накладнойлорду колдонуудан бошотот. Мында товарларды Кыргыз Республикасынын калган аймагына сатууда эсеп-фактура салык мыйзамдарына ылайык түзүлүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн салык режимдерин колдонууга укугу жок башка соода субъекттери үчүн төмөнкүлөр каралган:

- контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды сактаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан жылдык кирешеси 8,0 млн сомго чейинки жеке ишкерлер үчүн мөөнөтсүз салык төлөөдөн бошотуу;

- соода ишин жүргүзүү үчүн иштин түрүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бирдиктүү салыкты колдонуу:

а) импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьютордун жана күйүүчү-майлоочу материалдарды, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатуучу субъектти кошпогондо, акыркы 12 ай катары менен кирешесинин көлөмү:

- 30,0 млн сомго чейин - 0,5 пайыз;

- 30,0 млн сомдон 50,0 млн сомго чейин - 1 пайыз;

б) "а" пунктчасында көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан:

- 4 пайыз - накталай түрдө;

- 2 пайыз - накталай эмес формада;

- 4 пайыз - жеке эмес субъектке.

Калктын жана салык төлөөчүлөрдүн арасында салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызын жана туура түшүнүгүн калыптандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында бир нече жолу базарлардын администрациясы менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Ошондой эле, Министрлик бардык жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык саясат жүргүзүп, министрликтин расмий булактарында өзгөчө режимдеги соода аймагында салыкты колдонуу ишмердүүлүгү боюнча видеороликтер  көрсөтүлдү.

Ошону менен бирге, учурда Экономика жана коммерция министрлигинин жана Салык кызматынын жергиликтүү кызматкерлери тарабынан башка салык режимине үзгүлтүксүз өтүү максатында соода-сатык менен алектенген ишкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын белгилейбиз.

Бул өзгөртүүлөр салык системасын өркүндөтүүгө жана ишкерлер үчүн адилеттүү жана ачык-айкын салык шарттарын түзүүгө багытталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу