2023-жылдын 30-ноябрында саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Соода Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Happy Center соода тармагынын (түрк. Республикасы), Явуз Алтун мырзанын кыргызстандык экспортчулар менен жолугушуусун өткөрүүнү уюштурууда.
B2B жолугушуусунун негизги максаты Happy Center соода тармагына (Түркия Республикасы) ата мекендик товарларды жеткирүү боюнча меморандумдарды түзүү болуп саналат.