Кыргызстан халал (адал) продукциянын экспортун өнүктүрүү жолунда

Новости
27-Ноябрь 2023-ж.
791

2023-жылдын 23-ноябрынан 26-ноябрына чейин Халал Экспо 2023, ошондой эле 9-Дүйнөлүк Халал саммити Түркиянын Стамбул шаарында өттү.

Иш-чара Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ), Ислам өлкөлөрүнүн стандартташтыруу жана метрология институту (SMIIC), Ислам сооданы өнүктүрүү борбору (ICDT) менен биргеликте Түркия Республикасынын Президентинин колдоосу астында "Discover Events" түрк компаниясы менен биргеликте өткөрүлдү.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган бул иш-чарага онлайн түрдө катышып, өз кайрылуусунда халал индустриясын өнүктүрүүнүн жана ар тараптуу колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Көргөзмө эл аралык тамак-аш соодасы үчүн эң ири аянтча болуп саналат, ал халал секторунун өкүлдөрүнө өз кызматтарын жана продукцияларын илгерилетүүгө, ошондой эле бул секторго сооданы жана инвестицияны көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Көргөзмөгө катышуунун максаты Ислам Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык жана маданий байланыштарын чыңдоо, ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын жана кайра иштетүү өнөр жайын өндүрүү жана продукцияларды ички жана тышкы рыноктордо, эл аралык стандарттарга жана халал азыктарына карата талаптарга ылайык экспорттоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү башка өлкөлөрдөн келген өнөктөштөр жана экспоненттер менен соода-сатык тармагын өнүктүрүү жаатында ишкердик мамилелерди бекемдөө максатында жолугушууларды өткөрүштү. 

Бул иш-чарага кыргыз тараптан ата мекендик өндүрүшчүлөр Салих ЛТД ЖЧК, Шоро ЖАК, Yashar Group ЖЧК, «Адал Азык» (Тойбосс) ЖЧК, Тянь-Шань байлыктары”  ЖЧК ж.б. катышты. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу