Стратегиялык объекттерге кирген рыноктордо иштеген салык төлөөчүлөр үчүн атайын салык режимине өтүү жөнүндө

Новости
27-Ноябрь 2023-ж.
3362

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги соода ишмердигине патенттер 2024-жылдын 1-январына чейин жарактуу экенин билдирет.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 457-беренесине ылайык, стратегиялык объектилерге кирген базарларда иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн атайын салык режими каралган. Булар “Дордой” жана “Тураталы эл базарлары” (Кара-Суу) базарлары.

Бул салык киреше салыгын, сатуудан алынуучу салыкты, КНСти алмаштырат жана акциздик товарларды жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылгандарды кошпогондо, товарларды сатууга карата колдонулат.

Салык төлөөчү өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзүү үчүн салык төлөөчү катары Салык кызматы тарабынан бекитилген форма боюнча арызды мындай иш башталганга чейин өзгөчө режимдеги соода зонасынын жайгашкан жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү.

Салыктын ставкасы бир чекене соода түйүнүнө үстүбүздөгү календардык жылга түшүүсү пландаштырылган кирешелердин декларацияланган көлөмүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

1) лотоктордо, столдордо, чатырларда, кол арабаларда, бастырмаларда 4 миллион сомго чейин - айына 18 миң сом же 1,5 миң сом;

2) 8 миллион сомго чейин – жылына 42 миң сом же айына 3,5 миң сом;

3) 8 миллион сомдон 15 миллион сомго чейин – жылына 96 миң сом же айына 8 миң сом;

4) 15 миллион сомдон 22 миллион сомго чейин – жылына 168 миң сом же айына 14 миң сом;

5) 22 миллион сомдон 30 миллион сомго чейин – жылына 252 миң сом же айына 21 миң сом;

6) 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейин – жылына 360 миң сом же айына 30 миң сом;

7) 50 миллион сомдон 100 миллион сомго чейин – жылына 500 миң сом же айына 41,6 миң сом;

8) 100 миллион сомдон 150 миллион сомго чейин – жылына 800 миң сом же айына 66,6 миң сом;

9) 150 миллион сомдон 200 миллион сомго чейин – жылына 900 миң сом же айына 75 миң сом;

10) 200 миллиондон жана андан ашык – жылына 1 миллион сом же айына 83,3 миң сом.

Өзгөчө режимдеги соода зоналарында салык салууга салыктык мезгил бир календардык жылды түзөт.

Салык кодексинин 457-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы токтому менен өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагын өнүктүрүүгө карата талаптар, анын ичинде тосмолорго карата талаптар бекитилген.

Ошондой эле, бул токтомго ылайык, ишкердик субъекттерине жагымдуу шарттарды түзүү максатында өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш алып барган субъекттердин ортосунда товарларды сатууда эсеп-фактураны берүү боюнча талаптар коюлбайт.

Мында товарларды Кыргыз Республикасынын калган аймагына сатууда эсеп-фактура салык мыйзамдарына ылайык түзүлүүгө тийиш.

Өзгөчө режимдеги соода зоналарында салык төлөөчү тарабынан товарларды сатуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон жүзөгө ашырылат.

Тиешелүү видео менен министрликтин сайтынын Видео рубрикасынан таанышса болот.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу