«Бирдиктүү терезе» борбору менен «ВБ KG» ЖЧКсынын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү боюнча келишимге кол коюлду

Новости
23-Ноябрь 2023-ж.
1044

«Бирдиктүү терезе» борбору менен «ВБ KG» ЖЧКсы (Wildberries) ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү боюнча келишимге кол коюлду. Кол коюлган келишимдин алкагында тараптар маалыматтарды берүү үчүн маалыматтык системалардын интеграциясын камсыздайт.

Бул интеграция “Бирдиктүү терезе” борбору иштеткен Улуттук реестрдин маалыматтарын автоматтык түрдө текшерүү аркылуу продукциялары шайкештикти сертификаттоодон жана декларациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан Wildberries базарын пайдалануу процесстерин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Бул инновация рынокто иштөөдө республикадагы ишкерлердин процесстерин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Техникалык интеграцияны аяктоо 2023-жылдын аягына чейин пландалууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу