Кыргыз Республикасынын ИДПсын 1 триллион сомго жетүү жөнүндө: экономикалык өсүштүн жаңы этабы

Новости
22-Ноябрь 2023-ж.
1960

2023-жылдын январь-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала баалоосу боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 919,1 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү. Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 14,6%га, тейлөө чөйрөсүндө – 4,9%га, өнөр жайда – 1,3%га өстү, ал эми айыл чарбасында өсүү темпи 2022-жылы 100,1%ды түзүп, ушул эле мезгилдин деңгээлинде сакталды. 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын ноябрь айынын үчүнчү он күндүгүндө өлкөнүн ички дүң продукциясынын номиналдык көлөмү 1 триллион сомдук тарыхый деңгээлге жетиши күтүлүүдө. 

2023-жылдын 16-февралында өткөн коллегияда министр Д.Амангелдиев 2023-жылга карата пландарды жарыялап, анда өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү – экономиканын 5%дан кем эмес өсүшү же ички дүң продукциянын көлөмүн 1 триллион сомдон жогору жеткирүү экенин белгиледи. 

Бул маанилүү учур өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү жана узак мөөнөттүү өнүгүү максаттарына ийгиликтүү жетишүү үчүн негиздерди түзүү үчүн жагымдуу шарттарды көрсөтөт. ИДПнын өсүшү өлкөнүн жарандарынын жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин максаттуу аракеттеринин натыйжасы болуп саналат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы 2011-жылы ИДПнын деңгээлине 250 миллиард сомго жеткен. Кийинки олуттуу көрсөткүчкө 6 жылдан кийин жетип, 2017-жылы ИДП эки эсеге өсүп, 500 миллиард сомдон ашты. Үстүбүздөгү жылы ИДПнын эки эсеге өсүүсү менен кийинки көрсөткүчкө жетишилди жана ноябрь айынын аягына чейин 1 триллион сомдон ашат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу