Жалал-Абад шаарында техникалык регламенттер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери

Новости
16-Ноябрь 2023-ж.
880

2023-жылдын 16-ноябрында республиканын экспорттук потенциалын жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарында учурдагы техникалык регламенттердин талаптарын түшүндүрүү боюнча семинар өткөрүлдү.

Ата мекендик продукцияны ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин рынокторуна жана жалпысынан дүйнөлүк рынокко чыгаруунун маанилүү шарттарынын бири техникалык регламенттердин талаптарын сактоо болгондуктан, ишкерлер үчүн ушундай эле семинарлар республиканын бардык аймактарында жана Талас, Нарын, Каракол, Ош, Баткен шаарларында уюштурулду.

 КР МЭК алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун, Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын адистери тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жаатындагы колдонуудагы техникалык регламенттердин негизги жоболору, стандарттар, продукцияны рынокко чыгаруу шарттары боюнча маалымат беришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу