Министр Д.Амангелдиев: Кыргызстан Венгрия менен ар тараптуу кызматташууга чоң маани берет

Новости
14-Ноябрь 2023-ж.
913

2023-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министр Данияр Амангелдиев жана Венгриянянын тышкы иштер жана эки тараптуу мамилелер боюнча мамлекеттик катчысы Тамаш Менцердин төрагалыгы алдында Экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-венгер биргелешкен комиссиясынын 3-жыйыны болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнүн атынан жана жеке өзүнүн атынан Венгриянын өкүлчүлүк делегациясын, ошондой эле бүгүнкү жолугушуунун бардык катышуучуларын жана эксперттерин министр Д.Амангелдиев чын жүрөктөн куттуктады.

Ал белгилегендей, Кыргызстан Венгрия менен кызматташууну ар тараптуу тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө чоң маани берет. Венгрия дүйнөлүк жана аймактык эл аралык мамилелердин заманбап системасында маанилүү орунду ээлейт жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

“Биздин өлкөлөрүбүздүн достугунун жана кызматташтыгынын узак тарыхы бар. Венгриянын Кыргыз Республикасы менен өз ара кызматташууга олуттуу кызыгуусун белгилеп кетүүгө кубанычтамын. Өз кезегинде Венгрия Европа биримдигинин Кыргыз Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин түзгөн биринчи өлкөсү болуп саналат.

Маалымат иретинде: 2020-жылдын 29-сентябрында Будапештте Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосунда Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюлган.

Бүгүнкү күндө кыргыз-венгер мамилелери бардык деңгээлде динамикалуу өнүгүп, саясий жана экономикалык диалогдор колдоого алынып, эки тараптуу кызматташтыктын темптерин белгилеген жана биздин стратегиялык мамилелерибиздин мазмунуна салым кошкон ишкер байланыштар түзүлдү” – деп белгиледи министр.

КР ЭКМ башчысы айткандай, кыргыз-венгер кызматташтыгы саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыйт. Экономикалык кызматташтык айкын контурларга ээ болгонун белгилеп кетүү кубанычтуу, анын маанилүү натыйжаларынын бири венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун ийгиликтүү иши болду.

Мына ушуга байланыштуу министр Д.Амангелдиев Венгриянын биздин өлкөнүн өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Анткени, Фонддун иши өзгөчө структуралык өзгөрүүлөрдүн шарттарында актуалдуу болуп саналат, бул учурда бизнес муктаждыктарын канааттандыруу жана бизнес-пландарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ар кандай каржы рыногунун инструменттеринин жеткиликтүүлүгүн колдоо жана кеңейтүү маанилүү.

 Ошондой эле министр Өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгү биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө эң сонун иштөө механизми экенин белгиледи. Комиссиянын жыйындарында кабыл алынган чечимдердин аркасында мамлекеттерибиздин ортосундагы соода, инвестиция, айыл чарба, маданият, билим берүү, маалыматтык технологиялар ж.б. тармактарда кызматташууну өнүктүрүүдө олуттуу жылыштар болду.

Бүгүнкү жыйындын күн тартибине Тараптар макулдашылган чечимдерге жетишкен эң актуалдуу маселелер киргизилген. Ушуга байланыштуу министр Тараптардын бардык эксперттерине жемиштүү иши, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн компромисстик жана өз ара алгылыктуу чечимдерди таба билгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Биринчи кезекте биздин эки тараптуу сооданын потенциалына көңүл буруу керек, ал учурда 7,3 миллион долларга чейин өзгөрөт. Бул цифралар, албетте, биздин өлкөлөрдүн экономикалык потенциалына туура келбейт. Мына ушуга байланыштуу продукциянын ассортиментин диверсификациялоо жана өз ара сооданын көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү маанилүү экендигин белгиледи.

Айрыкча, кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого мүмкүндүк бере турган биздин өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде биз биргелешип соода байланыштарын, жеткирүү түйүндөрүн жана жалпысынан интеграциялык процесстерди тереңдетүү боюнча күч-аракеттерди консолидациялоодо ишкерлер үчүн жакшыраак шарттарды түзүшүбүз керек.

Бул өңүттө экономикалык өнүгүүнүн учурдагы тенденцияларын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана перспективаларды эске алуу менен эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары аркылуу Ишкерлер кеңешинин ишин активдештирүү маселеси өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Ошондой эле венгриялык тараптын Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду колдоого жардам көрсөтүүгө даярдыгы абдан өз убагында болду.

Өз ара аракеттенүүнүн дагы бир актуалдуу багыты болуп айыл чарба тармагындагы кызматташтык, өзгөчө азык-түлүк коопсуздугу маселелерин, анын ичинде климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк менен камсыз кылуу чынжырындагы үзгүлтүктөр, валюта курсунун туруксуздугу, чийки затка жана энергияга баалардын өсүшү менен байланышкан учурдагы чакырыктарды жана тобокелдиктерди эске алуу менен кызматташуу саналат. 

Бул максатка Венгриянын агроөнөр жай секторун, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын кластердик өнүктүрүү тармагында техникалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да кызмат кыла алат.

Ошондой эле тараптарды биргелешкен ишканаларды, анын ичинде индустриалдык парктардын жана эркин экономикалык аймактардын аймактарында түзүү маселелерин иштеп чыгууга чакырабыз,- деп өз сөзүндө министр белгиледи.

Энергетика тармагындагы кызматташуубуздун маанилүүлүгүн белгилегим келет. Кыргызстандын гидроэнергетика жана кайра жаралуучу энергия боюнча олуттуу потенциалы бар, ал эми Венгрия бул жаатта чоң тажрыйбага жана технологияга ээ.

Электр энергиясынын ички рыногун өнүктүрүүгө, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууга жана кайра жаралуучу энергия тармагында биргелешкен долбоорлорду түзүүгө багытталган өнөктөштүк келишимдерин түзүүгө чакырды.

Кызматташтыктын дагы бир актуалдуу багыты түз аба каттамдарын ачуу маселесин практикалык ишке ашыруу болуп саналат. Белгилей кетсек, өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын эртерээк баштоо соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирип, эки өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.

Ошондой эле  Тараптарга маданий-гуманитардык байланыштарды жана элдердин достугун чыңдоого гана эмес, ошондой эле туризм, маданият, илим жана спорт тармагындагы кызматташтыкты арттыруу, биздин өлкөлөрдүн маданий жана руханий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу боюнча ишти улантуу сунуш кылынды.

Бул максатка инновациялык өнүгүүнүн кыймылдаткычы боло ала турган Кыргызстан менен Венгриянын университеттери менен илимий уюмдарынын ортосунда билим берүү тармагындагы байланыштарды тереңдетүү боюнча мындан аркы чаралар да кызмат кыла алат. Биз ошондой эле академиялык алмашуунун алкагында студенттер жана адистер үчүн билим берүү программаларын уюштуруу идеясын кубаттоого татыйт.

Негизинен бул жыйындын алкагында Тараптар эки тарптуу кызматташуунун  актуалдуу маселелерин, ошондой эле артыкчылыктуу багыттардын келечегин   талкуулашты.

Кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиянын 3-жыйынынын жыйынтыгы боюнча  Тараптар соода, экономика, инвестиция, айыл чарба, туризм, курчап турган чөйрө, фармацевтика, энергетика, билим берүү тармагында кызматташуу боюнча Протоколго кол коюшту.

Иш сапардын жүрүшүндө венгер делегациянын башчысы Т.Менцер мырза КР экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев жана КР Улуттук банкынын орун басары менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу