“Жашыл экономика-2023” форуму Борбор Азиядагы жашыл экономиканы аймактык өнүктүрүүгө арналат

Новости
14-Ноябрь 2023-ж.
980

Бул тууралуу 2023-жылдын 14-ноябрында КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, глобалдык жана аймактык чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, учурдагы макулдашуулардын негизинде, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана алардын биргелешкен демилгелерин өнүктүрүү боюнча конкреттүү иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу зарыл:

- климаттын өзгөрүшүнүн тобокелдиктерин азайтуу;

- региондордун экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу;

- Борбордук Азия чөлкөмүнүн эл аралык коомчулук менен артыкчылыктуу багыттар боюнча макулдашылган өз ара аракеттенүүсү;

- бүтүндөй Борбордук Азия регионунун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу.

Аймактык деңгээлде жашыл энергетиканы, туруктуу айыл чарбаны жана туруктуу туризмди, жашыл транспортту өнүктүрүү өзгөчө актуалдуу. Аймакты туруктуу өнүктүрүү үчүн потенциалдуу аймактык демилгелерди аныктоо үчүн Борбордук Азиянын өкмөттөрү менен жеке сектордун биргелешкен диалогуна муктаждык өсүүдө.

Муну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аймактык деңгээлде мамлекеттик-жеке диалогду демилгелейт:

– “Жашыл экономика 2023” форуму, анда Борбордук Азияда жашыл экономиканы региондук өнүктүрүү маселелери, атап айтканда жашыл энергетика, жашыл транспорт, туруктуу каржылоо жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү сыяктуу артыкчылыктуу багыттар каралат;

– “Жашыл Экспо – 2023” көргөзмөсү.

Бул иш-чаралар учурдагы кыйынчылыктарды биргелешип жеңүүгө көмөктөшүү жана Борбордук Азия чөлкөмүнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүүгө багытталган, - деп жыйынтыктады өз сөзүн министрдин орун басары.

Ошондой эле, басма сөз жыйынынын башка катышуучулары – КР ӨКМнин стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы Эрмек Ашыров, ЖИАнын Жашыл экономика комитетинин төрагасы Кубанычбек Алимов бул платформа бардык кызыкдар тараптардын ортосунда бизнес байланыштарды түзүүгө, тажрыйба алмашууга, аларды глобалдык деңгээлде макулдашылган жылдыруу үчүн аймактык масштабдагы потенциалдуу демилгелерди аныктоого жардам берээрин белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу