Республиканын экспорттук потенциалын жана атамекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын региондорунда Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын колдонуудагы техникалык регламенттердин талаптарын түшүндүрүү боюнча семинарларды өткөрүү пландаштырылууда.
Ата мекендик продукциянын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин рынокторуна жана жалпысынан дүйнөлүк рынокторго чыгуусунун маанилүү шарттарынын бири техникалык регламенттердин талаптарын сактоо болуп саналат.
Бүгүн, 2023-жылдын 2-ноябрында семинар Нарын шаарында өткөрүлүп жатат.
Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, КР ЭК министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун адистери тарабынан тамак-аш коопсуздугу жаатындагы колдонуудагы техникалык регламенттердин негизги жоболору, стандарттар жана продукцияны рынокко чыгаруунун шарттары жөнүндө маалымат берилет.