Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу жана артыкчылыктуу маселелери жөнүндө

Новости
31-Октябрь 2023-ж.
1107

2023-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Свердлов облусунун губернаторунун орун басары Василий Козловдун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу жана артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

Министр Д.Амангелдиев белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын динамикасынын кыймылдаткычтарынын бири эки тараптуу жолугушуулар жана сапарлар, биринчи кезекте соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын жыйындары болуп саналат. Свердлов облусунун Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы гуманитардык кызматташтык, аны түзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын делегациясынын 2006-жылдын июль айында Россия Федерациясынын Свердлов облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.

Губернатордун орун басары В.Козлов баса белгилегендей, 2023-жылдын 8-июлунан 11-июлуна чейин Екатеринбург шаарында өткөн INNOPROM эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө биринчи жолу кыргыз бизнеси улуттук экспозиция форматында – 15ке жакын компания ар түрдүү продукцияларын көрсөткөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Свердлов облусу бир нече долбоорлорду өнүктүрүүгө киришти, Кыргызстандан жеңил өнөр жай продукциясын Россиядагы эң ири «Сима-Лэнд» (Екатеринбург) дүң фирмасына жеткирүү уюштурулду. Губернатордун орун басары ошондой эле Свердлов облусунун биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынын 2024-жылдын биринчи он күндүгүндө Екатеринбург шаарында өткөрүүгө даярдыгын белгиледи.

Бул жолугушуунун алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болуп өттү:

- Бөлүштүрүү келишимине «Скай Индустриал Групп» ЖЧКсынын башкы директору – Рахат Жунушбаева жана «Технопарк Торгмаш» ЖАК башкаруучу компаниясынын башкы директору Сергей Зыков кол коюшту.

- Лифт жабдууларын жеткирүү боюнча келишимге «Скай Индустриал Групп» ЖЧКсынын башкы директору Рахат Жунушбаева жана «Технопарк Торгмаш» ЖАК башкаруучу компаниясынын башкы директору Сергей Зыков кол коюшту.

- Келишимге «ЭрАдия» ЖЧКсынын директору Кадырбек Чотбаев менен НИПИГОРМАШтын менеджери Денис Парыгин кол коюшту.

Маалымат иретинде:

Биргелешкен комиссиянын жалпысынан 4 жыйыны болуп өттү.

2021-жылдын 6-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 4-жыйыны болуп өткөн.

Кыргыз тарапты Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри А.Жаныбеков, Свердлов тарапты Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри В.Козлов жетектеген.

Кызматташтыктын негизги багыттары:

- өнөр жай жана соода;

- айыл чарба,

- билим берүү,

- саламаттыкты сактоо,

- маданият, туризм жана спорт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу