Кыргызстан Tourism Expo Japan эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышууда

Новости
27-Октябрь 2023-ж.
1332

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Tourism Expo Japan эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышууда.

Аянтча кечээ Осака шаарында (Жапония) Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) колдоосу менен ачылды. Кыргыз Республикасынын  көргөзмөсү Борбор Азиянын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрүнүн стендинин ичине коюлган.

Кыргыз Республикасынан КР ЭКМге караштуу Туризм департаменти, КР Япониядагы Элчилиги, КР Туризмди өнүктүрүү фонду жана алты туристтик компания катышты: Mega Way LLC Consulting компаниясы, 5 Stans, Unique Asia, Travel Land, Kyrgyz Guided Tours, NHT Company.

Көргөзмө 2023-жылдын 29-октябрына чейин уланат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу