Ата мекендик халал-адал продукциясын тышкы рынокко экспорттоонун өсүшүнө көмөк көрсөтүү

Новости
26-Октябрь 2023-ж.
1198

2023-жылдын 24-октябрында Сауд Аравия Королдугуна эт азыктарын экспорттоону жолго коюу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин көмөгү менен «Аль Бадр» ЖЧКсынын инвестициялык сервис жана консалтинг компаниясынын директору Фалех Султан Н Альмутаири үчүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында «Торо» ЖЧКсынын мал союучу жайына таанышуу сапары уюштурулду.

Иш сапардын жүрүшүндө Фалех Султан Н Альмутаири мырза “Торо” компаниясынын иши менен таанышып, эт азыктары башка өлкөлөргө экспорттолуп жаткан халал стандарттарын көзөмөлдөө менен таанышты, ошондой эле халал стандарттары боюнча этти туура кесүү процессин көрсөттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу