Басма сөз билдирүү: ЭКМ 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасында Жашыл экономика күндөрүн өткөрүү жөнүндө жарыялайт

Новости
26-Октябрь 2023-ж.
1489

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги кызыкдар тараптарды жана өнөктөштөрдү “Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика күндөрү – 2023” демилгесине катышууга чакырат.

Туруктуу өнүгүүгө жетишүү - Кыргыз Республикасында инклюзивдик жашыл экономиканын принциптерин илгерилетүү учурдун талабы.

Климаттын өзгөрүшүнүн шартында жашыл энергетиканы, туруктуу айыл чарбаны, туруктуу туризмди жана жашыл транспортту өнүктүрүү өзгөчө актуалдуу. Туруктуу өнүгүү үчүн потенциалдуу демилгелерди аныктоо үчүн жеке сектор менен өкмөттүн биргелешкен диалогуна муктаждык өсүүдө.

Инклюзивдик жашыл экономиканын принциптерин алдыга жылдырууга жеке сектордун, эксперттик коомчулуктун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн жигердүү тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги “Кыргызстанда 2023-жашыл экономика күндөрүн” өткөрүүнү жарыялайт жана активдүү катышууга чакырат. Бул демилге 2023-жылдын 1-ноябрында башталып, 2023-жылдын 30-ноябрына чейин уланат. Демилге өлкөнүн бардык кызыкдар тараптарын жана аймактарын камтыйт. 2023-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында «Жашыл экономика-2023» аймактык форумун өткөрүү Кыргызстандагы Жашыл экономика күндөрүнүн кульминациясы болот.

“Жашыл экономика күндөрү” орун алган кыйынчылыктарды жеңүүгө көмөк көрсөтүү жана Кыргыз Республикасында инклюзивдик жашыл экономиканын принциптерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү маселелерине (бирок алар менен чектелбестен) арналат.

Демилгенин алкагында Кыргыз Республикасында «Жашыл экономиканы өнүктүрүү» программасында чагылдырылган багыттарда (жашыл энергетика, туруктуу айыл чарбасы, туруктуу туризм, туруктуу транспорт, туруктуу каржылоо, энергияны үнөмдөө ж.б.у.с.) ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда. 

Кыргыз Республикасында инклюзивдик жашыл экономиканын принциптерин илгерилетүү боюнча тиешелүү иш-чараларды өткөрүүгө жана уюштурууга кызыкдар болгон бардык тараптар демилгенин катышуучулары боло алышат.

Кызыкдар тараптарга иш-чараңыздар тууралуу кыскача маалыматты төмөнкү дарек аркылуу жиберүүңүздөрдү суранабыз: stratplan@mineconom.gov.kg тел. +996 312 62 05 35 (ички +337, +209),

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу