Республиканын сыноо лабораторияларынын техникалык компетенттүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору жөнүндө

Новости
25-Октябрь 2023-ж.
1268

Коопсуз тамак-аш азыктарын жүгүртүүгө чыгарууну камсыз кылуу, тамак-ашты сыноо лабораторияларынын, ошондой эле санитардык жана ветеринардык лабораториялардын ишин оптималдаштыруу жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасынын сыноо лабораторияларынын техникалык компетенциясын жогорулатуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыккан.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын сыноо лабораториялары ББ/ЕАЭБ ТРнын продукцияны сыноо талаптарын толук камсыз кыла албайт.

Сыноо лабораториялары толук кандуу иштеши үчүн аларды химиялык реагенттер жана продукцияны сыноо үчүн стандарттык үлгүлөр менен системалуу түрдө камсыз кылуу зарыл.

Сыноо лабораторияларынын жабдылышын, мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарынын (персоналынын, жабдууларынын) болушун эске алуу менен аларды ББ/ЕАЭБ ТРнин бардык көрсөткүчтөрү боюнча продукциянын кыйла экспортко багытталган түрлөрүнө сыноолорду өткөрүү үчүн жабдуу сунушталат.

Бул токтом долбоорунда сыноо лабораторияларын - тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борборунун алдындагы Бишкек сыноо, сертификаттоо жана метрология борборуна, Департаменттин Лабораториялык сыноо борборуна бекитүү, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун химиялык департаменти - токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза; , өзгөчө статуска ээ, каржылык эркиндикти камсыз кылуу жана тамак-аш өндүрүү ишканаларында өндүрүштүк контролду жүргүзүү боюнча кызматтарды туруктуу негизде көрсөтүү сунушталат.

Жогорудагы сыноо лабораториялары ISO/IEC 17025 “Сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенциясына жалпы талаптар” эл аралык стандартынын талаптарына ылайык аккредитацияланган жана ЕАЭБдин шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу