Кыргыз Республикасынын аймагында 90 календардык күндүн ичинде көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө

Новости
18-Октябрь 2023-ж.
1573

Көмүрдүн кымбатташына жол бербөө, көмүрдүн калк үчүн өзгөчө социалдык маанисин эске алуу менен “Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 10-статьяларына ылайык, анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында жылытуу мезгилинде ага баалардын негизсиз жогорулашынын тобокелдигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы №133 буйругу менен 2023-жылдын 25-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында 90 календардык күндүк мөөнөткө».көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.

КР ЭКМдин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өз ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомуна ылайык жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын аймактарында жана Бишкек,  Ош шаарларында көмүргө болгон баанын максималдуу деңгээли коюлат..

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу