Соода ишинин субъекттеринин патенттин негизинде салык салуунун башка режимдерине өтүшү жөнүндө

Новости
17-Октябрь 2023-ж.
1294

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги соода ишмердигине патенттердин жарактуулук мөөнөтү 2024-жылдын 1-январына чейин жарактуу экенин билдирет.

Салык төлөөчү бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жалпы режимин же өзгөчө салык салуунун режимин тандай алат.

Бирдиктүү салык төмөнкүлөрдү карайт:

- контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча талаптарды сактаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан жылдык кирешеси 8,0 млн сомго чейинки жеке ишкерлер үчүн мөөнөтсүз салык төлөөдөн бошотуу;

- Министрлер Кабинети бекиткен реестрге киргизилген базарларда жана кичи базарларда соода кылган жеке ишкерлер 0,1% өлчөмүндө салык төлөшөт;

- соода ишин жүргүзүү үчүн иштин түрүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бирдиктүү салыкты колдонуу:

а) импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьютордун жана күйүүчү-майлоочу материалдарды, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатуучу субъектти кошпогондо, акыркы 12 ай катары менен кирешесинин көлөмү буларды түзөт:

- 30,0 млн сомго чейин - 0,5 пайыз;

- 30,0 млн сомдон 50,0 млн сомго чейин - 1 пайыз;

б) "а" пунктчасында көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан:

- 4 пайыз - накталай түрдө;

- 2 пайыз - накталай эмес формада;

- 4 пайыз - жеке эмес субъектке.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу