Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө КАБАРЛОО

Объявления
13-Октябрь 2023-ж.
494

Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө
 КАБАРЛОО

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлиги


укуктук жөнгө салууну талкуудан жана кызыкдар жактардан сунуштарды чогултуп баштагандыгы жөнүндө кабарлайт.


1. Сунушталган жөнгө салууну чечүүгө багытталган көйгөйдү баяндоо (тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):


Стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу,  “Стандартташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда белгиленет.


2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо) жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын (жөнгө салуунун негизги ченемдерин) баяндоо:

Стандартташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна ылайык стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу ыктыярдуулук принцибине негизделген, бирок ошол эле учурда аларды милдеттүү колдонуу учурлары эскертилет.


3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлгөн пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):

Продукциянын коопсуздук талаптарына шайкештигин камсыз кылуу


4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо (тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):

Жүгүртүүдө сапатсыз жана коопсуздук талаптарына ылайык келбеген продукциянын болушу


5. Сунушталган жөнгө салуу багытталган ишкердик субъекттерди мүнөздөө жана санын баалоо (тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):

Шайкештикти баалоо боюнча органдар

Өндүрүүчүлөрдүн ассоциациялары


6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу, ал багытталган чөйрөнүн кошумча чыгымдарын жана потенциалдуу пайдаларын болжолдоп баалоо:

Эсептөөлөр жок


7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдоп баалоо:

Эсептөөлөр жок


Кабарлоого төмөнкүлөр тиркелет:

1. Ачык консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:

- белгиленген көйгөйлөр туура жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;

- белгиленген максат негиздүүбү, aткаpyy үчүн маанилүүбү;

- сунушталган жөнгө салуу көйгөйдү чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайдалар жана артыкчылыктар пайда болушу мүмкүн;

- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер пайда болушу мүмкүн;

- көйгөйдү чечүүнүн альтернативдүү кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы;

- сунушталган жөнгө салуу тууралуу сиздин жалпы пикириңиз.

Маселелердин тизмеги кеңейтилиши мүмкүн.

2. Сунушталуучу жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалымат:

____________________________________________________________________________________________

Кабарлоону талкуулоо үчүн байланыш маалыматтары жана мөөнөттөр

1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат:


- электрондук почта

Otr301@mail.ru

почта дареги

Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

2023-жылдын 31-октябры 

3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

2023-жылдын 15-ноябры



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу