КР 2023-жылдын январь-сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөр боюнча кыскача экспресс маалымат (Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтарынын негизинде)

Новости
12-Октябрь 2023-ж.
1508

2023-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 808.3 млрд сом болуп жана реалдуу өсүү темпи 104.2%ды (2022-жылдын январь-августуна – 106,3%) түздү. ИДПнын дефлятору 118,3% деңгээлинде болду.

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 13.7%га, тейлөө чөйрөсүндө 5.1%га өстү; өнөр жайынын өсүү темпи 0.4%га өсүп, айыл чарбасында өсүү темпи өткөн жылдын ушул мезгилинин деңгээлинде сакталды.

Экономикада пайда болгон тенденциялардан улам номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 33,1%ды, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 51,7%ды түздү. 

2023-жылдын январь-сентябрь айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 331,5 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 0,7%га өскөн (2022-жылдын январь-сентябрь айларында – 16,6%га өскөн). 

Өнөр жай өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө салым 0,07%ды түздү. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө өнөр жайдын үлүшү 14,3%ды түздү. 

2023-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 293,6 млрд сомду түзүп,  2022-жылдын тийиштүү мезгилинде реалдуу өсүш темпи 100,1%ды түздү. 

2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшүнүн өсүшү мал чарба продукциясын өндүрүүнүн 2,2%га, жумуртка өндүрүүнүн 12,8%га өсүшүнүн эсебинен камсыз кылынды. 

Айыл чарба өндүрүшүнөн ИДПны түзүүгө кошкон салымы нейтралдуу. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 10,9%ды түздү. 

2023-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 97,1 млрд сомду түзүп, 16,7%га өстү (2022-жылдын январь-сентябрь айларында 0,9%га төмөндөгөн) 

2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү каржылоонун ички булактарынан 23,9%га көбөйүшү менен камсыз кылынды, ал эми тышкы булактардын көлөмү тескерисинче 13,8%га кыскарды. 

2023-жылдын январь-сентябрь айларында тейлөө тармагынын дүң продукциясынын көлөмү 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,0%га өсүп, 639,7 млрд сомду түздү. Кызмат көрсөтүүчү экономика секторлорунун түзүмүндө эң чоң үлүштү дүң жана чекене соода - 29,1%, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр - 8,7% жана финансылык ортомчулук кызматтары 12,0% ээлейт. 

Дүң жана чекене сооданын дүң продукциясынын көлөмү; автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 186,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 113,4%ды түздү. 

2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун өсүшү негизинен дүң сооданын көлөмүнүн 29,6%га жана чекене сооданын 6,8%га өсүшү менен шартталган.

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жүктөрдү сактоонун көлөмү 8,1 % өстү. 

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнөн ИДПны түзүүгө салым эң чоң жана 2,59 %дык пунктка бааланат жана ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү үлүшү 51,8%ды түздү.

Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 105,7%ды түздү (2023-жылдын январь-сентябры өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2023-жылдын январь-сентябрынан 2022-жылдын январь-сентябрына карата) 111,7%ды түздү. 

Эмгек акы. 2023-жылдын январь-августунда номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы мурунку жылдын январь-августуна салыштырмалуу экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы мамлекеттик башкаруу жана коргоо; милдеттүү социалдык камсыздоо (64,7 %), административдик жана көмөкчү ишмердик (42,8 %), суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу (33,5 %), кыймылсыз мүлк операциялары (32,4 %), искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (31,9 %), дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (27,9 %), маалымат жана байланыш (27,7 %), мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги (24,9 %), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (23,4 %), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо (22,6 %), электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) (22,6 %), курулуш (21,7 %), ошондой эле кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик  чөйрөлөрүндө (20,9 %) байкалды.

2023-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 9 407,1 миллион АКШ  долларын түзүп, 2022-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 27,3%га өстү. Мында, Кыргыз Республикасына экспорттук берүүлөрдүн көлөмү 46,7%га өсүп, 1850,8 млн АКШ долларын түздү, ал эми Кыргыз Республикасына импорттук берүүлөр өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 23,3%га көбөйүп, 7556,3 млн АКШ долларын түздү. 

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда тышкы жана өз ара сооданын көлөмүнүн 2022-ж. январь-августуна салыштырмалуу өсүшү экспорттук жөнөтүүлөрдүн  жана импорттук түшүүлөрдүн өсүшү менен камсыз болгон. Мында соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 19,7 %, импорт 80,3 % түздү.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын көлөмү 2023-ж. январь-августунда 2,7 млрд. АКШ долларын түзүп, 2022-ж. январь-августуна салыштырмалуу 10,1 % азайган. Республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,6 %) жана Казакстанга (32,1 %) туура келди.

Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 6,7 млрд. АКШ долларын түзүп, 2022-ж. январь-августуна салыштырмалуу 52,6 % өстү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу