Экспортту илгерилетүү боюнча консультанттар ЕАЭБ алкактарында экспорттук жол-жоболордун жаңы шарттары менен таанышып чыгышты

Новости
20-Октябрь 2015-ж.
1954

Ысык-Көл областында продукцияларды экспорттоонун жетишкендиктери жана тоскоолдуктарын талкуулоо, экспорттук стратегиялар боюнча жемиштүү кейстердин презентациялары аркылуу экспортту илгерилетүү боюнча консультанттардын потенциалын күчөтүү максатында регионалдык семинар болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндө «бир терезе» борбору» Мамлекеттик ишкананын эксперттери, Казахстан, Тажикстандын бизнес-консультанттары, ПРООН жана ЕБРР эксперттери катышышты.

ЕБРР жана ПРООНдун «Соодага көмөктөшүү» долбоору консультанттардын потенциалын күчөтүү боюнча демилгени, атап айтканда экспортту илгерилетүү стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатында катышуучулардын билимин жана билгендерин жакшыртууну колго алышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу