Нандын баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Новости
10-Октябрь 2023-ж.
1384

Бул тууралуу 2023-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы Орозбаев жана Монополияга каршы жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы  Санжар Көкөшеров билдирди. 

Алар белгилегендей, нанга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу дан рыногунда баанын бирдейлигин сактоого, калкты туруктуу баада нан менен камсыз кылууга, ошондой эле абийирсиз алып-сатарлардын пайда табуусуна бөгөт коёт. Кошумчалай кетсек, кызматтын максаты - калк арасында эң көп суроо-талапка ээ болгон тандыр нанынын баасын көзөмөлдөө жана керектөөчүлөргө шарт түзүү.

Бул максатта 2023-жылдын 6-октябрында МЖК аянтчасында Бишкек шаарынын 4 районунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы No 455 “Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 3-октябрдагы буйругу менен , 2023-жылы республиканын аймагында биринчи сорттогу буудай унуна (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Ушуга байланыштуу, МЖК Бишкек жана Ош шаарлары, облусттук түзүмдөрдүн жетекчилерине республиканын аймактарында жана 1-сорттогу буудай унунан жасалган (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) дүң жана чекене баанын максималдуу деңгээлин белгилөөнү тапшырды.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 220 наабайкана бар. МЖК нандын баасы туруктуу болушу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге күн сайын мониторинг жүргүзүүнү пландаштырууда.

Социалдык маанидеги товарларга (биринчи сорттогу буудай унунан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан)) бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин, ошондой эле соода эрежелерин бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Нандын максималдуу баасы буйрукка ылайык 3 күндүн ичинде белгиленет (тиркелет).


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу